"Жылаңач баатыр" долбоорунун 9-күнүндө катышуучулар жакындары менен байланышты. Алар туугандары менен видео чалуу аркылуу сүйлөшүп, сагынычтарын басты. Жашыруун добуш берүүдөн кийин 1 саатка телефондорун алган оюнчулардын бири Шерхан Абкулов жубайы менен сүйлөшкөнүн айтты.
"Алгач эле жубайым менен сүйлөшүп, баламдын абалы тууралуу сурадым. Балансымда бирдигим жок болгондуктан апамдын мага чалып коюусун жубайымдан сурандым. Ата-энем, бир туугандарым менен ал-акыбалды сурашкандан кийин, Эрлан деген жакын досум менен сүйлөштүм. Мен бул долбоордо жүргөндө туулган күнү болуп, куттуктай алган эмесмин. Бир аз капаланып жүрүптүр. Досума баарын түшүндүрүп "эч болбосо да кеч болсун" деп куттуктадым. Чет элдик эки чыгарма укканга жетиштим", - дейт ал.
Ал эми эрке кыз Айгерим Ибрагимованын апасы видео байланыш менен сүйлөшкөндө күндө эртең менен саат 06:00дө туруп, "Жылаңач баатырды" көрөрүн билдирди. Апасы кызына баарынан күчтүү, мыкты экенин билдирип, ага шык берди. Бирок Айгерим 1 саатка телефонун алганда эч ким менен сүйлөшкөнгө жетишпей калганын айтты. Ал телефонун кубаттагычка сайып койгонун, мына сүйлөшөм деп жатканда убакыт бүтүп калганын кошумчалады.
Замира Хатамова 1 саат ичинде кызы, апасы, классташтары, сиңдиси менен сүйлөшүп, бирок WhatsApp`ка келген билдирүүлөрдү окуганга жетишпей калганын айтат. "Телефонумду колума алганда аябай жакшы көрүндү. Телефон жок болсо кулагың дагы тынч болот экен. Жакындарым менен сүйлөштүм. WhatsApp тиркемесине 1000ден ашуун СМС каттар келиптир, окуганга үлгүрбөй калдым".
Марс Мамаев байкеси менен сүйлөшүп, "Жылаңач баатыр" долбооруна барарын эч кимге айтпаганын билдирди.
Ырчы Кудайберди Айтбосуновдун апасы курттарды чогулткан видеону көргөнүн айтып, уулунун курсагы ачпы, токпу деп кабатыр болду. Кыска убакыт аралыгында Кудайберди Айтбосуновдун апасы: "Долбоорго барганың жакшы болду, жашоодогу кыйын учурларды көрүп, билгениң сабак болот. Окуучу кездеги Кудайбердиге окшошуп калыпсың, капкара болуп, арыктап кетипсиң", - деди.
Ырчы Назэлдин апасы "Жылаңач баатыр" долбоорунун күндө чыккан видеолорун көрүп жатканын айтып, кызына ийгилик каалады.
Баса, видео байланышты Beeline уюлдук оператору камсыздап берди.
"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов жана ырчылар Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов кеткен.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.