SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору бир оюнчуну сынактан четтетти.
Долбоордун 2-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын ортосунда тамак-аш үчүн мелдеш орун алды. Анда "кызыл кемселчендер" чатырды биринчи тигип, азык-түлүккө ээ болушту. Оюндун шартына ылайык, утулган командадан бир катышуучу сынактан четтетилиши керек.
Катышуучулар оттун боюна чогулушуп, самоордо кайнаган чайдан ичип, биринчи күнкү сынак тууралуу кеп курушту. Уткан команда утулган команданын мүчөлөрүнө чай куюп берип, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышты. Катышуучулардын сынак боюнча пикирлери айтылгандан кийин, жыйынтыкталуучу бөлүккө кезек жетти. Тагыраагы, утулган команда өздөрүнүн тобундагы бир оюнчуга жашыруун түрдө добуш беришти.
Команданын мүчөлөрү бир оюнчу менен коштошуу оор болуп жатканын, биринчи күнү эч кимди кетирбөөгө мүмкүнчүлүк берилсе деген ойлорун айтышты. Ошого карабастан эрежени бузбай, команданын мүчөлөрү жашыруун добуш беришти.
Долбоордун алып баруучулары ысым жазылган кагаздарды кутучадан алып чыгып окушту. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Зарылбек Аликеновго каршы 4 добуш, Азамат Аманидиновго 2 добуш, Кудайберди Айтбосуновго 1 добуш берилди. Муну менен Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов оюндан кетүүгө аргасыз болду.
Ошентип бир командада 7, экинчи командада 6 оюнчу калды. Кийинки кезек кимде?
"Кызыл кемсел" командасында:
Азамат Мамбетов, Замира Хатамова, ырчылар Саниа, Айгерим Эшим, Марс Мамаев, Калыс Жакыпов, Шерхан Абкулов.
"Көк кемсел" командасында:
Азамат Аманидинов, Айгерим Ибрагимова, Деңиз Маданбеков, ырчылар Нуркыз Кожонова, Назэль, Кудайберди Айтбосунов.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.