"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунан четтетилген оюнчу ата-энесине арнап жазган ырын аткарганга жетишпей калганын айтат

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору уланууда. Долбоордун 7-күнүндө "Кызыл кемсел" командасынан Айгерим Эшим күтүүсүз жерден оюндан четтетилди. Ал ата-энесин сагынып, чыгарма жазганын айтат.

"Бишкекте жүргөндө ата-энемдин жанына көп барчу эмесмин. Бирок бул жакка келгенден бери аларга болгон сагынычым күчөп, жайнаган көздөрү эсиме келип жатты. Ата-энемди сагынганымды билдирейин деп чыгарма жазгам. Марс Мамаевге гитара чертип бериңиз, мен ырдайм деп аркасынан кууп жүргөм. Видеодон ата-энем көрүп кубанып калсын дегем. Бирок чыгармамды аткара электе кетип жатам. Чыгармамды аткара албай калдым (көзүнө жаш алып, ыйлап алды).

Чынын айтсам, мага каршы добуш берет деп такыр күткөн эмесмин. Бирок оюндун башында эле байгелүү үч орунду "Кызыл кемсел" командасынын мүчөлөрү алсын деген максатыбыз бар болчу. Командадагы кыздардын, жигиттердин утушун каалайм. Ушул жерден продюсериме дагы кайрылып кетким келет. Ал мени узатып жатканда "бир күндөн кийин чемоданыңды сүйрөп келесиң" деген. Мен продюсериме күчтүү экенимди далилдедим", - дейт ал.

Ал эми Айгерим Эшим менен коштошуп жаткан оюнчулар анын ак көңүлдүгүн, шайырдыгын, дайыма жаңырып турган күлкүсүн сагынарын билдиришти. Алар Айгеримдин репертуарындагы "Жүрөк сыры" чыгармасын хор менен аткарып, шаңдуу узатышты.

Жашыруун добуш берүүдө Айгерим Эшимге каршы 4, Шерхан Абкуловго каршы 1, Замира Хатамовага каршы 1 добуш берилди.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Катышуучулар курттарын жалап, жеп-жутуп кайра кускан катаал күн (7-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-09-21 22:50:51
Ырас кетипсин, ата энендин мандайында отуруп ырдап бер.
0
aza84
2019-09-21 23:05:27
Боорум оруп кети биздин командага ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан