"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору. Улакчы болгон Санианын тырмактары түшсө, "өгүз" болгон Айгерим Ибраимовага жигиттер шымын чечип берди

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору кезектеги ары кызыктуу, ары татаал оюндары, чыр салган оюнчулары тууралуу тааныштырууну улантат. Бул ирет "Кызыл кемсел" командасына дагы бир жолу ийгилик жылмайып, тамак-аш менен камсыз болуп жатканына кубанышууда.

Долбоордун 6-күнүндө кара күчтү талап кылган улуттук оюндар - көк бөрү, аркан тартыш, өгүз тартыш болду. "Көк кемсел" командасында 4 оюнчу, "Кызыл кемсел" командасында 6 оюнчу болгондуктан, "кызыл кемселчендерден" ырчылар Айгерим Эшим жана Шерхан Абкулов бул жолку оюнга катышкан жок.

Алгач көк бөрү оюну болуп, анда "Көк кемсел" тобунан Айгерим Ибрагимова менен ырчы Кудайберди Айтбосунов тулпар болсо, Азамат Аманидинов менен Назэль улакчы болушту. Ал эми "Кызыл кемсел" командасынан Замира Хатамова менен ырчы Марс Мамаев тулпар, ырчылар Саниа жана Калыс Жакыпов улакчынын ролунда болушту. Оюн 10 мүнөткө созулуп, "кызыл кемселчендер" 3:1 эсебинде атаандаштарын жеңип алышты.

Тыныгуудан кийин өгүз тартыш мелдеши болуп, эки топтон бир-бирден оюнчу чыгышты. Оюнчулардын күчтүүсү өздөрү тарапка каршылашын сүйрөп кетишти. Бул мелдеште "көк кемселчендер" 2:1 эсеби менен утушка ээ болушту.

Жыйынтыктоочу бөлүктө командалар аркан тартышты. Анда "Кызыл кемсел" командасы атаандашын амалдуу жол менен жеңип алышты. Муну менен "Кызыл кемсел" тобу кезектеги жеңишин камсыздап, оюнчуларды сактап калышты.

Кудайберди Айтбосунов командасы үчүнчү ирет жеңилип калганына ызаланды.

Өгүз тартыш оюнунда "Кызыл кемсел" командасындагы Азамат Аманидинов Айгерим Ибрагимовага шымын чечип берди.

Көк бөрү оюнунда Саниа "улакты" алам деп жатып, оң колундагы 4 бармагынын тырмактарынан бирдей ажырады. Тагыраагы, жасалма жол менен өстүрүлгөн тырмактары сынып, түшүп калды.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Көл жээгинде кыздар өгүз болуп, ат болуп кубулушту (6-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2019-09-21 07:54:10
Poslednyi geroigo ozuncho ele
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан