"Ушул убакка чейин бардык сынактардан биринчи орунду алып келгем" дейт "Жылаңач баатыр" долбоорунда 3-орунду алган оюнчу

"Жылаңач баатыр": "Көл жээгинде..." долбоорунда 14 катышуучунун арасынан иргелип, финалга Айгерим Ибрагимова жана ырчылар Кудайберди Айтбосунов, Марс чыкты. Таймаштын жүрүшү менен аныкталган оюнда Айгерим Ибрагимова 3-орунду ээледи. Ал буга чейин кандай гана сынактар болбосун, дайыма баш байгени же биринчи орунду алып келгенин айтат.

"Үйдөн кетип жатканда апам биринчи орунду албасаң үйгө келбей эле кой деген. 3-орунду алып калдым, эми барсам үйгө киргизбей коёт го (күлүп). Анткени буга чейин бир нече сынактарга катышып, экинчи, үчүнчү орунду ээлеген эмесмин. Дайыма баш байгени же биринчи орунду ээлечүмүн. Ата-энем дагы менин жеңишиме көнүп алган окшойт.

Ал эми бүгүнкү оюнда мырзалар менен жарышып өзүмдү көрсөтө алдым. Чарчай элегимде жумуртканы жеткирип алайын деген ой менен бара жаткам. Бирок колумду жерге койгондо кумдун алдындагы ташка жумуртканы уруп алдым. Ошол учурда дароо эле кийимдеримди чогултуп, унаага отуруп кетип бара жатканым көз алдыма келди. Эмоциямды кармай албай ыйлап дагы алдым. Үчүнчү орунду алганыма өзүм таң калдым", - дейт Айгерим Ибрагимова.

Жигиттер Айгерим жаш болсо дагы мыкты экенин, 14 катышуучунун арасынан финалга чейин суурулуп чыкканынын өзү чоң жетишкендик экенин айтышты. Алкоого татыктуу экенин кошумчалады.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Жумурткасыз калган катышуучу 20 миң сом утту (13-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан