Текебаев жана Чотоновдун соту 17-октябрга жылдырылды

Тектеш кабарлар: Текебаевдин иши кайра каралууда (34 материал)

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун экинчи соттук отуруму өттү. Соттук отурумда жалпы 8 күбө сурак берди. Алардын экөө мурун сурак берген кишилер болсо, 6 адам жаңы күбө катары суракка чакырылган. Бул тууралуу жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

"Суракка күбө катары 20 адам келди. Убакыттын тардыгына байланыштуу алардын ичинен 8 киши суралды. Сурак бергендердин ичинен Исаков менен Маденов мурунку күбөлөр болсо, калган 6 адам жаңы күбө катары сурак берген кишилер болуп эсептелинет. Алар көрсөтмө эле бербестен, далилдерин дагы көрсөтүштү. Тик учакта Чотонов, Маденов, Исаков чогуу учуп кетип жатканын далилдеген видео бар экени дагы айтылды. Ал тартылган тасма кийинки соттук отурумда документке тиркелет", - деди Токтакунова.

Соттук иш күбөлөрдүн көптүгүнө байланыштуу 17-октябрга саат 14:00гө жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан