КҮНСОБОЛ: Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?

17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай журналистке көңүл бурбай койгон милиция кызматкерине жок дегенде эскертүү берилсе туура болот"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, эгерде милиция кызматкерлерине эскертүү берилсе, кийин мындай кылбаганга аракет кылышат.

"Мен кечээги митинг жөнүндө эки багытта айтат элем. Биринчи багыт, Кыргыз мамлекетинде бардык жарандар тынч, маданияттуу, мыйзамдуу митинг өткөргөндү билишибиз керек жана биз ага толугу менен укуктуубуз. Канчалык тынч митингдер көп болсо, коом, саясатчылар, жаштар бийликке талап коюшса бул мамлекеттеги жакшы көрүнүш болуп эсептелет. Бирок биз бардык нерсени мыйзамдуу, маданияттуу кылганды үйрөнүшүбүз зарыл. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Милиция кызматкерлери митингчилерге кандайдыр бир күч колдонууда, камоодо же болбосо аларга эскертүү берүүдө сак болушу керек. Эгерде милиция кайсы бир жерлерде чектен чыгып кетсе, Кыргыз мамлекетинде артка кетпей турган оор окуялар болуп кетүү коркунучу аябай жогору. Митинг өткөрүп жаткан адамдарга мыйзамдуу, адамгерчиликтүү мамиле жасаганды үйрөнүшү абзел. Биздин милиция кызматкерлери бөрк ал десе, баш алып жүрүп үйрөнүп калган. Бирөөсү команданы берет, ал эми жөнөкөй кызматкерлер ошону кандай болбосун аткарабыз деп чектен чыккан учурлар көп болот. Азыр мындай көрүнүштөр аябай коркунучтуу болуп эсептелет.

Экинчиси, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып жаткан журналисттерди укук коргоо органынын кызматкерлери адашып кармап алышы мүмкүн. Бирок күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин милиция сөзсүз түрдө тез аранын ичинде коё бериши шарт. Кечээги митингде "Некст ТВнын" журналистин кармап жатканда "мен журналистмин" деп айтып, күбөлүгүн берип жатса бир дагы милиция кызматкери көңүл буруп карап, окуп койгонго жараган жок. Бул ошол команданы аткарып жаткан кээ бир милициялардын өздөрүнүн милдетин, укугун билбей тургандыгы болуп саналат. Алардын билими, тажрыйбасы ошол митингди өткөрүп жаткан адамдар жана журналисттер менен иштегенге жеткиликсиз экендигинин далили болуп эсептелет. Милиция кызматкерлери маалымат каражаттарынын, коомдун алдында өздөрүнүн туура эмес кылганын моюнуна алышы керек. Күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай журналистке көңүл бурбай койгон милиция кызматкерине жок дегенде эскертүү берилсе туура болот. Ошондо милиция кызматкерлери мындай кылбаганга аракет кылып калышат. Эгерде калп эле айтып коюп, эч нерсе жасалбаса кийин деле ошол нерсе улана берет", - деди Жээнбеков.

АБДИРАСУЛОВА: "Митингге чыккан жарандардын укугу бузулса, милиция кызматкерлери жооп берет"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, журналисттерге эч убакта кесиптик милдетин аткарып жатканда тоскоолдук болбошу керек.

"Пикет, митингге чыккан жарандардын укугу бузулса, милиция кызматкерлери жооп берет. Ал эми журналисттер кесиптик ишин аткарып жатканда тоскоолдук жаратпашы керек. Бирок ошол учурда журналисттин күбөлүгү болушу зарыл. Маалымат каражатынын өкүлү экенин тастыктабаган, моюнунда илинген журналисттик күбөлүгү болбосо көпчүлүктүн арасынан билинбей калат. Милиция кызматкерлери журналисттерди кармап жатканда дароо күбөлүгүн көрсөткөндө коё бериши зарыл. Бул боюнча жоопкерчилик каралган. Пикет, митинг учурунда милицияларга кармагыла деген буйрук болсо эч кимдин айтканына кулак салбай кармап башташат", - деди Абдирасулова.

КЕЛДИБАЕВ: “Бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзө албаса аларды Акаев, Бакиевдин мезгилиндегидей тагдыр күтүп калышы мүмкүн”

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев митинг учурунда милиция кызматкерлери кармап кеткен журналист Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышы керектигин билдирди.

“Кечээги митингди видеодон толугу менен көрдүм. Кыргыз мамлекетинин Конституциясында көрсөтүлгөндөй, ар бир жаран ыйгарым укуктарынан пайдаланышып, өздөрүнүн ойлорун, пикирлерин, бийликке болгон нааразычылыгын айтканга укуктуу.

Митингде укук коргоо органынын кызматкерлери журналисттерден тышкары дагы жөнөкөй адамдарды күч менен кармап жатты. Күч менен кармап кетүү мыйзамсыз. Журналисттин ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратып, анын эркиндигин чектеп, кармаганы мыйзамсыз. Анткени аны кармаганга эмне негиз болду деген далил болушу керек. Журналист Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышы шарт. Эл талаптарын коюп жатса Ак Үйдөн бир дагы өкүл чыккан жок. Алар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна жүздөгөн милицияларды топтоп, элди таркатып жатат. Бул дагы Кыргыз мамлекетиндеги демократиянын, адам укугунун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Мындайча айтканда, Кыргыз мамлекетинде өнүгүү болбойт. Эгерде бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзө албаса аларды Акаев, Бакиевдин мезгилиндегидей тагдыр күтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай жолдор менен алар бийлигин узак мөөнөткө кармай албай калышы толук ыктымал. Элдин пикири эске алынышы зарыл. Бир дагы мыйзам элге кыйноолорду алып келбеши керек”, - дейт Келдибаев.

АКИМОВ: "Милиция кызматкерлерине "баарын жүктөгүлө" деген буйрук түшкөн, алар өз жумушун аткарды"

Журналист Турат Акимов бул нерсе түшүнбөстүктөн улам келип чыккан деген пикирде.

"Себеби ал митингде айрым журналисттер пресса деген жилети жок жүрөт, эч кандай өзгөчөлүк белгилери жок. Митингге чыккан 200-300 адам болсо анын жарымы митингди уюлдук телефонго тартат эмеспи. Митинг болот деп Азимбек Бекназаров мындан 2 жума мурун эле кыйкырып айтып жаткан. Социалдык тармактар аркылуу маалымат тарады, каалагандары бара берди. Анан ал кармалган журналист адамдар кызуу чогулган жерде болуп калса керек, ошол себептен көпчүлүк менен чогуу кармалып кетип калды.

Милиция кызматкерлерине "баарын жүктөгүлө" деген буйрук түшкөн. Алар өз милдетин аткарышты да. "Баарын жүктөгүлө, милиция бөлүмүнөн териштиребиз" деген сөздөр болгон. Бул кишини карма, тиги кишини кармаба деп айтылган эмес. Журналисттер ал жерде митинг өткөргөн жок, анын үстүнө журналисттерди кармагандан деле пайда жок", - дейт Акимов.

КЫЯЗОВ: “Баары мыйзам чегинде болушу керек, милиция мыйзамды аттап чектен ашса чара көрүлүшү керек”

Журналист Эрнис Кыязов ар кандай маселени бир беткей эмес, кемчилигин да, керкисин да кошо кароо керек экенин айтты.

"Митингди баштан аяк түз эфирде социалдык түйүндөр, сайттар, башка ар кыл маалымат каражаттары аркылуу чагылдырып турган журналисттер болду. Ошол эле учурда митингге келгендердин кимиси журналист, кимиси активист жаран экенин сураштырып, териштирип отурбай автобуска сүйрөгөн милициялар - бул эми башка кеп. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Милиция мыйзамды аттап чектен аштыбы, ага далил барбы, мыйзамда эмне деп жазылып турса так ошол өңүттө чара көрүлүшү керек. Эгер журналист чегинен ашып, мыйзамды тепселедиби, ага далил барбы, болсо мыйзам чийини менен чара колдонулууга тийиш.

Мени кубантканы Кыргыз мамлекетинде улам бир келген бийлик “өтүгүн каалагандай төргө иле бербей” элдин реакциясы менен эсептешип, маалымат каражаттарындагы, сайттардагы, соцтармактардагы уу-дуу сөздөргө өтө маани бере баштады, шибегени капка ката албаган сыңары купуя, кыңыр иштер акыр түбү билинип элге ачыкталарын сезе башташты", - дейт Кыязов.

ТОКТОНАСЫРОВ: “Митингде кармалган журналистке милиция кызматкерлеринин кылган мамилеси алардын тартипсиздигин, сабатсыз, маданиятсыздыгын көрсөттү”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров журналисттин ишине тоскоол болгон милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо керек экенин айтты.

"Некст ТВнын" журналистине милиция кызматкерлеринин кылган мамилеси алардын тартипсиздигин, сабатсыз жана маданиятсыздыгын көрсөттү. Бул сөз эркиндигине болгон кол салуу. Анткени ал телеканалдын журналисти өз милдетин аткарып, окуяны чагылдырып жүргөн. Бул жакта милиция кызматкерлери өз ишин туура билбегендиги деп эсептейм. Ал журналистти кандайдыр бир түшүнүксүз себептер менен милиция бөлүмүнө жеткиргендин өзү кылмыш. Ошол милиция кызматкерлерине иш козгоо керек. Мен жарандык активист катары бул милиция тарабынан журналистке карата одоно катачылык деп эсептейм. Тынч жыйынга чогулган элди милиция кызматкерлери кармап кетип жатты. Эгер мындай боло берсе, сөз эркиндигин каякка катабыз? Конституцияда бадырайып жазылып турат. Ар ким өз пикирин айтууга толук укуктуу. Ошол укуктан пайдаланып, жарандар өз пикирин көчөгө чыгып айтышууда. Трибуналарга чыкканда Кыргыз мамлекети сөз эркиндиктин, демократиянын аралчасы деп мактанып сүйлөйбүз. Мен көп каршылык акцияларга жалгыз чыгам. Ошондо дагы милиция кызматкерлери кыр көрсөтүшөт", - деди Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан