КҮНСОБОЛ: Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген собол салды.

ТУРСУНБЕКОВ: "Тышкы жана ички коопсуздугубуз боюнча Орусиянын пикири менен эсептешебиз"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Кыргыз жана Орус президенттери талкуулай турган маселелер көп.

"Кыргыз Республикасы үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш катары маанилүү. Эки өлкө башчылары сүйлөшө турган маселелер жетиштүү: мигранттар, экономика, саясат, коопсуздук.

Бүгүн президенттердин жолугушуусуна ылайыктуу кырдаал түзүлүп калды. Чыккан кырдаалга жараша стратегиялык өнөктөш менен сүйлөшүп туруу маанилүү маселе. Учурда бир нерсе болжолдоп жатабыз, бирок иш жүзүндө башкача болуп калышы мүмкүн. Кыргыз өлкөсүнүн тышкы жана ички коопсуздугу абдан маанилүү, ошон үчүн Орусиянын пикири менен эсептешебиз", - деди Турсунбеков.

НУРБАЕВ: "Кремль Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигише албайбыз деп айткан"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: "Бул жолугушуу тууралуу алдын ала маалыматтар чыккан жок. Ошон үчүн билбей туруп бир нерсе айтыш кыйын. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер жана кызматташтык каралышы мүмкүн.

Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигише албайбыз деп айткан", - деген оюн билдирди.

САРИЕВ: "Москва эки жолборстун мушташын дөңдөн карап отурган акылдуу маймылдай болуудан утпай турганын түшүндү"

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, учурда дүйнөдө саясий кырдаал кескин өзгөрдү. "Өз убагында Атамбаев да, Жээнбеков да Москвадан колдоо издешкен, бирок Москва бейтарап позицияны тандаган. Кремлдин басма сөз катчысы Песковдун "биз Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишпейбиз" деп айтканы буга далил. Бирок учурда геосаясий кырдаал кескин өзгөрдү. "Чоң жыйырмалык" (G20) саммитинен кийин дүйнөлүк масштабда абал туруксуз боло баштады. Мисалы, Гонконгдо митингчилер парламент имаратын басып алышты, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Улуу Британиянын элчисинин ортосунда жаңжал чыкты, Грузиядагы чуу жөн жерден чыккан жок, Казакстанда да болуп жаткан окуялар кокустук эмес", - деди Сариев.

Саясат таануучу Москва Кыргыз өлкөсүнүн экинчи Ооганстанга айланып кетишин каалабай турганын айтты.

"Эгер буга чейин Москва талаадагы эки жолборстун мушташын дөңдөн карап отурган акылдуу маймылдай болуп келсе, эми азыр бейтарап позиция ага жеңиш алып келбей турганын түшүндү. Атамбаев менен Жээнбековдун тирешин айрым ири глобалдык оюнчулар пайдаланып, Борбор Азиядагы абалды туруксуз кылышы мүмкүн. Казакстанда процесстер башталды, Кыргыз өлкөсү өтө коркунучтуу абалда. Атамбаев бийликти тааныбаган "талаа командирине" айланып баратат. Эгер аны күч колдонуу менен кармап кетүү аракети болсо, анда курмандыктар болот. Мындан улам анын тарапташтары көбөйө баштайт, коңшу айылдар ага кошулуп, түндүк-түштүк аймактык бөлүнүү күчөшү ыктымал. Ошентип Атамбаевдин чоң ресурсу пайда болот, Кыргыз Республикасы "талаа командирлеринин" өлкөсүнө айланып калат.

Москваны Грузияда болуп жаткан кырдаал тынчсыздандырып жатат, Путин чагымчылдыкка алдырбай турганын көрсөттү. Буга чейин Арменияда, Украинада эмне болгонун баарыбыз көрдүк. Ооган-Тажик жана Ооган-Түркмөн чек арасында кырдаал коркунучтуу, талибдер Ооганстандын түндүк аймактарын басып алышты, өкмөттүн аскер күчтөрү жеңилип жатат. Демек, тышкы коркунучтар бар, Кыргыз өлкөсү аларга туруштук бере албайт. Москва Кыргыз жергесинде жаңжалдын курчуп кетишин каалабайт", - деди Сариев.

ШЕСТАКОВ: "Жакында түстүү революциялар болчу өлкөлөрдүн катарында Кыргыз Республикасы аталды"

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, Путин менен Жээнбековдун жолугушуусунда коопсуздук жана экономика маселелери талкууланышы мүмкүн.

"26-июнда Бишкекте ЖККУнун коопсуздук кеңешинин катчыларынын саммити өткөн. Анда орусиялык чиновниктердин бири ЖККУнун аймагында түстүү революциялар күтүлүүдө деп айткан. Бул революциялар боло турган мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы аталган. Ошондуктан Путин менен Жээнбеков ушул коркунучтарды талкуулашы мүмкүн.

Акыркы айларда Кыргыз жергесинде кырдаал тынч эмес. Жакында оппозициянын митинги өттү. Кыргыз Республикасы - ЖККУнун жана ЕАЭБдин мүчөсү. Бул уюмдарда Орусия башкы ролду ойнойт, ошондуктан Москва үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук-саясий туруктуулук маанилүү.

Ошондой эле Орусия - Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшү. Жакында март айында Путин Бишкекке келгенде Кыргыз өлкөсүнө 1,5 миллиард долларлык инвестиция берүү талкууланган. Бүгүнкү жолугушуусунда бул маселе да көтөрүлүшү мүмкүн", - деди Шестаков.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Азыркы учурда Путин менен Жээнбеков талкуулай турган эң маанилүү маселелердин бири - Атамбаев маселеси"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Сооронбай Жээнбековдун мурдагы президент Атамбаевди куугунтуктап жатканы - аябагандай жаман прецедент.

"Менимче, азыркы эң актуалдуу, талкууланчу маселелердин бири - Атамбаев маселеси. Кремль Кавказды, Украинаны жоготту, Венесуэла, Сирияда чатак. Учурда тынч абал Борбордук Азияда гана калууда. Борбордук Азиядан Кыргыз өлкөсү менен Казакстан өзгөрүүдө. Ушундай кырдаалда Кремль өзү колдогон эки кыргыз президентинин ортосундагы жаңжал аймакта жаман прецедент жаратып, Орусия үчүн жагымсыз болууда.

Жеке Путинге жана бийлигин өзгөртүп жасап жаткан Назарбаевге аймакта тынчтык керек. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы президент Атамбаевди куугунтуктап жатканы - аябагандай жаман прецедент. Бул нерсе Казакстанга жана Орусияга жуга турган "инфекция". Эми Кремль жана Астана чечим кабыл алат, Жээнбеков алардын айтканын аткарат", - дейт Жээнбеков.

КАРАМУШКИНА: "Путин Атамбаевге байланыштуу маселени кайдыгер карап тура албайт"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде, Путин Кыргыз Республикасында тынчтык болушуна кызыкдар.

"Бул чынында күтүүсүз чакыруу болду жана расмий эмес сапар экенин билем. Себеби кандайдыр бир расмий жолугушуулар пландалган эмес. Бул достук жолугушуу болсо керек деген ойдомун. Жолугушууда Кыргыз өлкөсүндөгү азыркы кырдаал сөзсүз көтөрүлөт. Себеби Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүндөгү абалды көрүп, ага деле бул нерсе жагымсыз болуп жатса керек.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бергенин коңшу өлкө башчылары, эл аралык байкоочулар дагы көргөн. Андан кийин башталган нерселер учурда баарын тынчсыздантып жатса керек. Орусия үчүн биз жакынбыз, алар бизге буга чейин көп жолу жардам берип келишкен. Ошол себептен Путин үчүн өлкөбүздө тынчтык болуп, мындан ары да өнүгүшүбүз зарыл жана азыркы абалга ал кайдыгер карап тура албайт. Мындан сырткары, Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев жакшы мамиледе болуп келген. Ал деле, башка өлкөлөр деле учурда канчалаган мыйзам бузуулар болуп жатканын көрүүдө. Буга байланышутуу Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусунда Атамбаевге байланыштуу маселе сөзсүз түрдө көтөрүлөт деген ойдомун", - дейт Карамушкина.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан