Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан 2 адам каза болду

Кечээ, 19-январь күнү Бишкек-Торугарт жолунда автокырсык катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"19-январь 21:30 чамасында Бишкек-Торугарт жолунда Кең-Булуң айылынын тушунда Фольксваген Венто автоунаасынын айдоочусу себепсиз карама-каршы тилкеге чыгып, каршы келаткан Тойота Авенсис унаасын сүзгөн. Автокырсыктан Фольксваген унаасынын 26 жаштагы айдоочусу жана 51 жаштагы жүргүнчүсү каза болду. Андан сырткары, Тойота унаасынын айдоочусу баш болуп 6 жүргүнчү ар кандай жаракат менен Кант шаардык ооруканасына жеткирилди", - дейт басма сөз кызматынан.

Буга чейин кырсыктан 1 адам каза болгону маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан