Чүйдүн Александровка айылында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды белгисиз унаа коюп кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-январь күнү саат 21:40 чамасында болгон.
"Чалдыбар-Бишкек жолунда белгисиз унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, Александровка айылынын 1988-жылы туулган тургунун жөө өтмөктөн сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Бул окуя боюнча саат 22:15 чамасында "перехват" планы жарыяланып, айдоочуну издөө иштери башталган.
Жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуну көп өтпөй изи сууй электе Беловодск айылындагы үйүнөн тапкан. Ал 1991-жылы туулган жаран болгон. Маркумду Volkswagen Passat унаасы менен сүзгөн. Ошондой эле айдоочуга медициналык текшерүү жүргүзгөндө ал мас абалда болгону аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочу тергөө бөлүмүнө тапшырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.