Кечээ, 6-июнда экс-президент, КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, КСДПнын мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Бийликти мурас катары калтырган экс-президент Атамбаев жарым жылдын ичинде оппозицияга айланды. Бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.
Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталы "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген собол салды.
НИЯЗОВ: "Партияны жаңылоо процесси жүрүп жатат"
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун айтымында, учурда Алмазбек Атамбаев жарыялаган партияны жаңылоо жана тазалоо процесси жүрүп жатат.
"Бул процесс - партиянын өнүгүүсүндөгү мыйзам ченемдүү этап. Жаңылоо үчүн убакыт керек. Бул маселени бир жылдан кийин талкууласак туура болот. Партиянын жетекчилиги муну трагедия деп эсептебейт. Партиянын 25 жылдык тарыхы бар, 7 жыл мамлекетти башкарган. Биздин партиябыздын талапкери болгон учурдагы президент иштеп жатат", - деди Ниязов.
КУЛОВ: "Алмазбек Атамбаев өзүн оппозиционер катары көрсөтүүнү баштап жатат"
Экс-депутат Феликс Куловдун айтымында, мыйзамдын талабы боюнча кайсы бир партия бийликке оппозиция болгусу келсе, бул тууралуу расмий билдирүү жасашы керек.
"Социал-демократтар партиясы оппозицияга өтүү тууралуу билдирүү жасаган эмес. Ошондуктан КСДПны оппозициялык деп саноого болбойт. Ал бийликтин кайсы бир чечими боюнча макул болбошу мүмкүн, ошол эле учурда өзүнүн өкмөтү менен да макул болбошу мүмкүн, бул кадимки көрүнүш. Мисалы, үй-бүлөдө балдары атасын жакшы көрүшөт, бирок ар кимисинин жеке ою бар, бирок бул "алар бири-бирин жек көрөт" дегенди билдирбейт да.
КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаевдин кечээки билдирүүсү өзүнүн санаалаштарын коргоого багытталган. Анда учурдагы бийликтин дарегине сын-пикирлер да камтылган, бирок ал оппозицияга биротоло өттү дегенге болбойт. Атамбаев өзүн оппозиционер катары көрсөтүүнү баштап жатат.
Ал эми учурда оппозицияда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы бар. "Ата Мекен" партиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевге оппозиция болчу, ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбековго карата партия кандай позицияда экени тууралуу билдирүү жасай элек", - деди Кулов.
АКИМОВ: "Сырттагы интрига парламентке кирбесе КСДП фракциясы коалицияда тура берет"
Журналист Турат Акимовдун пикиринде, азыркы саясий кырдаал - парламенттен тышкары болуп жаткан интрига, ошол сырттагы интрига парламентке кирмейинче КСДП фракциясы башкаруучу коалицияда тура берет.
"Парламентте кризис жаралышы үчүн башка фракциялар кандайдыр бир кыймыл же аракет кылышы керек. Башка фракциялар КСДПнын башкаруучу коалицияда турганына макул болсо, КСДП фракциясы ишин уланта берет. Анткени ошол фракция башка фракциялар менен тил табышып алган, креслолорду бөлүшүп алышкан. Булар өкмөттүн курамын бекитишет, өкмөттүн ишине ыраазы болушса, коалицияда тура беришет.
КСДП партиясынын миңдеген мүчөлөрү бар да. Айрым мүчөлөрү "Атамбаевди партиядан кетиребиз" деди, Алмазбек Атамбаев "Сооронбай Жээнбеков туура эмес кылып жатат" деди, Жээнбеков "мен да КСДП партиясынан болгом, ошол партиядан чыккам" деп жатат. Ал эми мындай кырдаалда парламенттеги фракциянын көпчүлүгүнө баары бир, алар бийликтин башында отурушат, тымызын иштерин жасап жатышат. Аларга талаш-тартыш, оодарыштын болушунун кереги жок, алар учурда тийиштүү чечимдерди кабыл ала турган адамдар. Ал эми сыртта болуп жаткан нерсе - интрига, ал интрига парламентке да келип калса, ошондо парламентте кризис жаралат", - деди Акимов.
ЖАМАЛДИНОВ: "КСДП фракциясынын депутаттарынын көпчүлүгү азыркы бийликти колдоп жатат"
Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов бир партиянын ичинде мындай эки багыттуу көз караш мурда болбогонун, бул нерсеге өзү да түшүнбөй турганын айтты.
"Кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдирүү жасаптыр, учурда КСДПнын жетекчиси оппозиция катары калууда, ал эми КСДП фракциясы башкаруучу коалицияда турат. Бул жерде чоң маселе тургандай.
КСДП фракциясынын депутаттары партиядан кол үзүп жатат деп айта албайм, андай болгон жок. КСДП фракциясынын депутаттары өкмөттү курашты, көпчүлүгү азыркы бийликти колдоп жатат. Буга чейин партия оппозицияда, ошол партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда болгону тарыхта болгон эмес, ошондуктан мага азыр түшүнүксүз болуп жатат", - деди Жамалдинов.
КАРАСАРТОВА: "Мындай "эки жүздүүлүк" буга чейин деле болуп келген"
Укук коргоочу Рита Карасартова мындай көрүнүштү парламентаризмдин жолундагы жылыш катары баалай тургандыгын билдирди.
"Мындай "эки жүздүүлүк" буга чейин деле биздин саясатта болуп келген. Коалициянын оппозицияга, оппозициянын коалицияга кошулганы парламентте буга чейин деле болгон. Учурда карама-каршы саясат жүрүп жаткандыктан парламенттик өлкө үчүн бул көрүнүштү алдыга жылуу катары эсептесек болот. Бул нерсени парламентаризмдин жолундагы баскыч катары карашыбыз керек. Бул жолдордон деле өткөнүбүз, мындай болгону кийинки жолубузга жакшы. Салыштырып караганда биздин өлкөдө бара жаткан жол башка мамлекеттин саясий жолунан жакшы деп айта алсак болот", - деди Карасартова.
ЖЭЭНБЕКОВ: "КСДП фракциясы факт түрүндө жаңы президентке таандык”
Экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, азыркы парламенттеги КСДП фракциясы бийлик тарапка өтүп кеткен.
"Учурда социал-демократтар партиясы менен КСДП фракциясы эки башка. Учурдагы КСДП фракциясы факт түрүндө жаңы президент Сооронбай Жээнбековго таандык, азыр ал фракциянын аты эле КСДП. Бул партияга жалаң бийликти жакшы көргөндөр чогулган, эртең бийлик башка жакка оой турган болсо, булар да ошол жакка ооп кетет.
Алмазбек Атамбаев учурда жалгыз калды, азыркы карманган пикиринде аягына чейин калабы же өзгөрүп кетеби, ал убакыт көргөзө турган иш", - деди Жээнбеков.
КОЧКОРОВ: "Бүгүн Атамбаев бийликте жок КСДП башка жакка кызмат кылып жатат"
Экс-депутат Улукбек Кочкоровдун ою боюнча, азыркы КСДП фракциясы менен КСДП партиясынын ажырымы таң кала турган көрүнүш эмес, себеби кыргыз саясатынын абалы өзү ушундай болуп турат.
"Тилекке каршы, биздеги партиялар идеологиянын, программанын негизинде түптөлбөй, убактылуу кызыкчылыктын тегерегинде топтолгон адамдардын тобу болуп калган. Ошондон улам саясий кырдаалга жараша ушундай көрүнүш боло берет.
Парламенттин 5-чакырылышында биз да башыбыздан мындайды өткөрдүк: партия өзүнчө, фракция өзүнчө болуп, депутаттар өз өзүнчө топко бөлүнүп кеткен. Бул партиялар чыныгы партия катары түптөлө элегинен кабар берет. Бүгүнкү күндө баары эле "азыркы партиялар - акционердик коомдор" деп айтып жүрөт. Азыр партиялар кантип топтолуп жатканын баарыбыз эле билебиз да, ошондуктан мен азыркы нерсеге көп таң калбайм.
Жакшылап карай турган болсок, айрым адамдар Аскар Акаевдин "Алга, Кыргызстан" партиясында, Курманбек Бакиевдин "Ак жол" партиясында, андан кийин КСДП партиясында болгон. Айтор, кайсы бийликтин доору болуп жаткан болсо, ошол бийликтин партиясында болуп келген, мындайлар толтура. Принциби жок, "эптеп бийликте болсом, күн тийген жерде болсом" деген саясатчылар көп. Ошондуктан таң калбаш керек. Бүгүн Атамбаев бийликте жок болгону үчүн КСДП башка жакка кызмат кылып жатат. Бүгүнкү кыргыз саясатынын маңызы, көрүнүшү, тилекке каршы, ушундай болуп калды", - деди Кочкоров.
Бул соболго жооп алуу үчүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков, эркин депутат Жанар Акаев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановго да кайрылдык, бирок алар ар кандай себептер менен жооп бере алышкан жок.