КҮНСОБОЛ: SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок" деген аталыштагы иликтөөнү даярдаган. Анда ата-энелер онкологиялык ооруга кабылып дарыланып жаткан балдар гепатит С дартын жуктуруп алышканын айтып беришкен. Тилекке каршы, редакцияга кайрылган ата-энелердин балдары көз жумган. Балдар онкологу Султан Стамбеков өткөн жыл ичинде онкологиялык балдар борборунда 200дөн ашык бала дарыланып, алардын ичинен 11и гепатит С илдетине да кабылганын айтты.

Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер жана активисттер буга канды залалсыз кылган ПЦР аппаратынын жоктугу себеп болуп жатканын белгилешет. Активисттер "Качанкыга чейин бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланууну улантат?" деп да суроо салып, саламаттыкты сактоо тармагындагы бул маселелерди чечүү керек деген талаптарын айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: "Медицина тармагы бейтаптарга же операция жасай албаса, же дарылануусуна шарт түзө албаса - уят"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, бул жаатта комплекстүү түрдө аткарыла турган иштер көп.

"Бул маселени дайыма көтөрөм, жөн эле көтөрүп койбостон аны аягына чейин чыгарам деп жүрөм. Гепатиттин бир эле С түрүн эмес, Д жана башка түрлөрүн жуктуруп жаткандар көп экени белгилүү болуп калды. Бул орчундуу көйгөй, мунун алкагында жеке министрдин өзү менен да сүйлөшкөм. Ал бир топ иш-чараларды аткарып жатабыз деди. Чынында бир топ комплекстүү иштерди аткаруунун алдында турат жана аткарышы керек.

Бирок 21-кылымда ар кандай жолдор менен ооруну жуктуруу - бул шалаакылык. Адамдар каза болуп жатса, каражаттан кыйналып, бирок аргасыздан кымбат баалуу дарыларды ичип жатышса, муну министрлик жөнгө салышы керек. Же жарандарга операция жасай албаса, же дарылануусуна шарт түзө албаса - уят.

Жарандарыбыз дарылануу үчүн Индияга барып жатышат. Мага жеткен маалыматтар боюнча, ал жакта биздин бейтаптар операциядан каза болуп калса, акчасын төлөгүлө деп сөөктү да бербей коюшат экен. Мындан тышкары, өзүбүздөн анализ тапшырып, ал жарабай калса кайра ал жактан дагы анализ тапшырып 2-3 убарага түшүшөт, акчасы да кетет. Жарандардын кыйналган учурлары көп болуп жатса, биз операция жасата албасак дагы, ошол жакка барып жаткандардын реестрин түзүп, ошол жактагы ишенимдүү клиникаларды таап бербейлиби. Азыр адамдар жеке өздөрү эле кетип жатышат, алар ишеничтүү клиника кайсы экенин билишеби? Жок дегенде жаралган көйгөйлөрдү чечип бериш керек да. Ушул маселелер боюнча министрлик менен сүйлөшүү жүргүздүк, бул жаатта комплекстүү иштер аткарылса, оңолууга багыт алат элек деп ойлойм", - деди Маматалиев.

ТИЛЛАЕВ: "Өлкөдөгү медицина тармагын кардиналдуу реформага муктаж деп эсептейм"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев медицина тармагы кардиналдуу реформага муктаж болуп турганын айтты.

"Кыргыз өлкөсүндө медицина тармагына тийиштүү, заманбап аппараттардын жоктугу эң чоң көйгөй болуп келүүдө. Биз жарандарыбыздын ден соолугун, мамлекеттин коопсуздугун ойлосок, бул тармактан акча аябашыбыз керек. Өлкөнүн элинин дени сак болсо, ал өлкө күчтүү мамлекет боло алат.

Саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү өкмөт эч нерсе кылган жок дебейм. Албетте, аракетин көрүп жатат. Ошондой болсо дагы бул аракеттерди жетишсиз деп эсептейм. Биз медицина тармагына жаңы, инновациялык жабдууларды киргизбесек болбой турган абалга келдик. Мындан улам мен бул тармакты кардиналдуу реформага муктаж деп эсептейм", - деди Тиллаев.

ИКРАМОВ: "Өкмөттүн медицина жаатындагы иш алып баруусу канааттандырбайт"

Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берип, өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу аны канааттандырбай турганын билдирди.

"Бул тармакка элдин эле нааразычылыгы канча? Канча деген жарандарыбыз чет өлкөгө барып дарыланып келүүгө мажбур болуп жатышат. Бул жаатта калкты жетиштүү тейлей албай жатат да. Көптөгөн иштер аткарылган жок, абдан аксап турган тармагыбыз десем болот. Мындан улам мени өкмөттүн медицина жаатындагы иши канааттандырбайт", - деди Икрамов.

БАТЫРБЕКОВ: "Өкмөттүн саламаттыкты сактоо тарамагына тиешелүү ишине "нөл" деген баа берем"

Жарандык активист Нурказы Батырбеков өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагында жасаган ишине канааттанбайт. Айтымында, ал тармакка өкмөт көңүл бөлгөн болсо, бул жаатта азыркыдай көйгөйлөр болмок эмес.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги мага гепатитке каршы 30 миң дозаны Орусия менен сүйлөшүп, алып келе жатышканын айтты. Бирок бул сөз жүзүндө гана айтылды, кагаз түрүндө көрсөтүлгөн жок. Мыйзамда министр бул маселени сөз жүзүндө айтканга укугу жок болчу. Анын кыла турган иши кагаз түрүндө көрсөтүлүшү керек эле. Эгер аткарыла турган иш кагаз түрүндө көрсөтүлсө, ал далилдүү болот. Айткандарына эки ай болду, азыркыга чейин жыйынтык жок. Эмне кылып жатышканын эч түшүнбөйм, эстеген сайын кан басымым көтөрүлүп кетип жатат. Ал эми гепатит дарты боюнча маселе көтөрүлгөндөн кийин деле министрлик тарабынан дагы, өкмөт тарабынан дагы эч кандай иш аракеттер жүргөн жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бизди ынандыра тургандай эч нерсе кыла элек. Мындан улам мен ага "нөл" деген баа берем. Анткени өкмөт бул тармакка тиешелүү аракетин көрө элек. 11 айдан бери комиссия түзүп жатканын айтышат же андан жыйынтык жок. Комиссия үчүн 11 ай бул абдан чоң мөөнөт. Ал эми быйылкы жылы саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү маселелерди акча жок деп карабай коюшту ", - деди Батырбеков.

АЛЯЕВА: "Өлкөдө гепатиттин жугуп жатканына 10 жылдан ашты, ошондон бери көйгөй чечилбей жатса күнөө дарыгерлерде эмес, системде"

Суроого рак менен күрөшүп жаткан балдарга жардам көрсөткөн Биринчи балдар хосписин негиздеген Динара Аляева төмөнкүдөй жооп узатты:

"Силер абдан чоң көйгөйдү көтөрүп чыктыңар. Мен балдар онкологу Султан Стамбековдун пикирин колдойм, бул көйгөй тууралуу 2015-жылдан бери айтып келе жатабыз. Анда биз депутат Айсулуу Мамашева менен чогуу Орусиядагы Дмитрий Рогачев атындагы илим изилдөө борборуна барганбыз. Бул борбор балдардын онкологиялык ооруларын изилдейт, ошол эле борбордо донорлор берген канды да залалсыз кылышат.

Биздин өлкөдө болсо гепатит оорусун жуктуруп алуу кечээ эле башталган жок. 2008-жылдан бери эле ушул көрүнүш уланып келе жатат. Эгер бул маселе кечээ же бүгүн жаралса анда дарыгерлерди күнөөлөсөк болот эле, бирок бул систем он жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жатат да. Демек ыкманы, системди, иш алып баруунун жөнүн өзгөртүү керек.

Албетте, ата-энелер балдарын жоготкондон кийин күйүттөн дарыгерлерди күнөөлөшөт, ал эми дарыгерлер бар болгон жабдуу менен иштешет, алар гепатит кайдан жугуп калган аларга далилдеп отура алышпайт да, дарыгерлерде ага убакыт да жок, башка бейтаптарды карашы керек.

Өткөн жылы балдар онкологиясынын дарыгерлеринин баары Кан борборуна барып гепатит дарты тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Дарыгерлер жеке өздөрү Кан борборундагы бул иш менен кантип күрөшөт? Ата-энелер дарыгер баарына көз жумуп, эч кандай жардам бербейт деп айтышат. Андай эмес, дарыгерлер деле өздөрү карап жаткан ар бир бала үчүн санаа тартышат, ойлонушат, анын айыгып кетишин каалашат. Бирок балдар чарчап калгандан кийин дарыгерлер көрсөткөн бардык жардамдары тууралуу ата-энелер айткылары келбейт. Дарыгерлер бейтапты ойлоп түнү үйүнө кетпей ооруканада түнөп калган да күндөр болот. Объективдүүлүк үчүн дарыгерлердин аракеттерин да айта кетиш керек.

Кан борборуна барганда биз да суроо салдык, эмнеден улам гепатит жугуп калып жатат, эмне үчүн канды нурландыруучу жабдуу жок деп. Ал жерден бизге "биз бюджетке муну киргизип жатабыз, тилекке каршы, жакынкы күндө эмес, келечекте алабыз" деп жооп беришкен", - деди Аляева.

ДЕРКЕМБАЕВА: "Кан коопсуздугу боюнча улуттук программа иштелип чыгышы керек"

"Жашоо булагы" кайрымдуулук фондунун өкүлү Айзада Деркембаева мындай жооп узатты. Анын пикиринде, кан коопсуздугу боюнча улуттук программа иштелип чыгышы керек.

"Өкмөттүн ушул багытта иш алып барып жатканына буга чейин жакшы маани бербей келсем керек. Бирок бизде кан тапшыргандар, донорлук, жана башка тармактар жөнүндө атайын мыйзамдар бар. Анда конкреттүү түрдө баары жазылып турат. Бизде донорлордон кан алуу бир гана Кан борборунда ишке ашат жана анын өлкөдө кырктан ашык филиалдары бар. Кан алып, реципиенттерге бергенде бардык коопсуздук сакталышы керек жана реципиенттер ошол кан алуу учурунда кандайдыр бир ооруларды кан аркылуу жуктуруп алган болсо, анын баарына тиешелүү тарап мыйзамдын алдында толук кандуу жооп берүүгө милдеттүү болуп эсептелинет.
Тилекке каршы, бул боюнча чынында бизде эч иш жүргүзүлбөйт. Канчалаган бейтаптарга кан аркылуу бир эле гепатит С эмес, башка илдеттер дагы жугуп калып жатат. Буга мисал катары мындан бир нече жыл мурун түштүк жергесинде СПИДге чалдыккан адамдын окуясын мисал кылууга болот. Анда дагы аталган оору кан аркылуу жугуп, бирок көйгөй чечилбеген боюнча калып кеткен. Бул багытта биздин коңшу өлкөлөр Орусия менен Казакстан кан коопсуздугу боюнча улуттук программаны иштеп чыгып, ишке ашырышкан. Казакстандын, Орусиянын ар бир аймагы кан кызматын толук кандуу ишке ашыруу үчүн атайын кандын вирусун тазалай турган жабуулар менен камсыз болгон. Ошондуктан аларда бул көйгөй жөнгө салынган.
Бизде кан куюу, реципиенттерди кан менен камсыз кылууну жөнөкөй эле процедура катары кабыл алып алышкан. Башка өлкөлөрдө бул нерсени операцияга тете олуттуу маселе катары кабыл алышат.
Биз өз ишмердүүлүгүбүздө дал ошол олуттуу делген онкология оорусуна чалдыккан балдарды Индияга же башка өлкөлөргө жиберебиз. Ал жактан жөнөткөн балдардын дээрлик баарынан гепатит С дарты чыкканы аныкталды. Ал балдар канга муктаж болуп, кан куюлганда дартты кошо жуктуруп алышкан. Бирок Кан борбору жана тиешелүү тараптар аны дагы моюнга албай, четке кагып келишүүдө. Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени колго алуусу зарыл", - деди Деркембаева.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан