"Унаасы оодарылып калган". Баткенде айдоочу рулду башкара албай кырсыкка кабылып, каза болду (сүрөт)

Баткен облусунун Баткен районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 8-декабрда саат 07:45те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) катталды.

"Хендай Солярис унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болду (1989-жылы туулган). Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jazmina909090
2020-12-08 12:13:17
Шашпай айдаш керек жашагың келеби өлгүң келбейби шашпай акырын айдаш керек.Аллахым бейишинен орун берсин
+1
aslonur
2020-12-08 14:16:55
jazmina909090,ал жерде чуңкур бар ошол чункурдан өткөндө рулду башкара албай каласың эгер биринчи жолу ошол жолго жүргөн болсоң ал жерде бат баттан эле ушундай учур катталып турат
0
Baha.A
2020-12-09 10:23:28
aslonur,ошол жерди суротко, видеого тартып суперге жоноткуло. Суперчилер тийиштуу мекемелерге айтып маселе чечилсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан