Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталды. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматта айтылгандай, анда Лексус унаасы менен фура сүзүшүп кеткен. Эртең мененки саат 06:00 чамасында болгон кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн Жайыл РИИБинин кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барышкан.
Жергиликтүү булактар Лексус менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан улам айдоочу жана андагы 5 адам көз жумганын жазышууда, анын бири наристе. Ал эми фуранын айдоочусу жаракат алган.