КҮНСОБОЛ: Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, соттолду деген статусу жоюлду. Демек, аны азыр Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керекпи?

Эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралып, Текебаевге карата чыккан мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылган. Ага карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөн. Жогорку Соттон материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнү белгилүү болду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, соттолду деген статусу жоюлду. Демек, аны азыр Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керекпи?" деген собол салды.

АБДЫЛДАЕВ: "Сот Текебаевди актаса, ал өзү БШКга кайрылуусу тууралуу чечиши керек"

Депутат Мыктыбек Абдылдаев белгилегендей, ал боюнча Борбордук шайлоо комиссиянын чечими бар. "Ал чечим артка кайтарылбайт. Жактоочулар Текебаевдин бөгөт чарасын карап бергиле деп кайрылышты. Бөгөт чарасын карап, эгерде үй камагына же эч жакка кетпөө боюнча тил кат берсе, ал сот процессине кенен даярданганга мүмкүнчүлүк болот. Сот процесси биринчи инстанцияда, экинчи истанцияда Жогорку Сотто кандай болорун билбейбиз да. Биринчи Май райондук соту мурунку эле тартипте карайт. Биринчи этапта жаңы соттолуп жаткан айыпкерлерди карагандай карайт. Эгерде сот анын ишинде кылмыштын курамы жок экен деп актаса, калганын Текебаев өзү чечиши керек. БШКга кайрылабы же жокпу. Бирок партиялык тизме менен мандаттын кайра кайтарылып берилиши тууралуу практикада мындайды уккан эмесмин. Мурда бир мандаттуу систем болгондо кайра барып шайланып келгендер болгон", - дейт Абдылдаев.

ШЫКМАМАТОВ: "Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин мандатын кайтарып бериши керек"

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керек деген пикирде.

"Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылгандан кийин мыйзамдарга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы мандатын кайтарып бериши керек. Бул Конституциянын талабы болуп эсептелет", - дейт Шыкмаматов.

БЕКМАТОВ: "Мыйзамда депутаттык мандатты кайтарып берүү боюнча нормалар жок"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктары соттун чечимине кирген өкүмдүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулганын белгиледи.

"Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын соттун чечимине кирген өкүмдүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Депутаттын мандатын кайтарып берүү боюнча мыйзамда нормалар жок", - дейт Бекматов.

МАСАЛИЕВ: "Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча БШКга кайрылууга толук негиз бар деп ойлойм"

Депутат Исхак Масалиев Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кандай чечим кабыл аларын билбей турганын айтты. "Соттун өкүмдөрү жокко чыгарылса, шектүү статусуна өтөт. Ага депутаттык мандат кайтарылып берилиши керек. Борбордук шайлоо комиссиясы кандай чечим чыгара турганын айта албайм. Соттун чечими күчүнө кирмейинче депутаттык мандатынан ажыратылбашы керек. Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча БШКга кайрылууга толук негиз бар деп ойлойм", - дейт Масалиев.

ТОКТАКУНОВ: "Текебаевди депутат деп эсептеш керек"

Юрист Нурбек Токтакунов Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча маселе чечилиши керек деген пикирде. "Текебаевге карата сот чечимдери жокко чыгарылгандан кийин баш коргоо чарасы боюнча маселе чечилиши керек. Өкүм жокко чыгарылса, эмнеге азыр дагы деле абакта отурат? Ал камакка алынганга чейин депутат болчу. Ошондуктан аны депутат деп эсептеш керек", - дейт Токтакунов.

КАРАСАРТОВА: "Текебаев соттон акталса, БШКга мандатты кайтаруу боюнча кайрылса болот"

Укук коргоочу Рита Карасартова Текебаев соттон акталса, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышы керек деген ойдо.

"Козголгон кылмыш ишке Текебаевдин такыр тиешеси жок деген чечим чыккан жок. Мисалы, Текебаев соттон акталса, дароо БШКга мандатты кайтаруу боюнча кайрылса болот. Текебаев бул кылмыш ишти жасаган эмес, акталды деп БШКга кайрылышат болушу керек. Мурунку чыгарылган чечимдер жокко чыкканы менен жаңы ачылган жагдай пайда болду", - дейт Карасартова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан