реклама
super.kg logo

Бишкектин батыш автобекетинде айдоочу жөө адамды сүзүп, жабырлануучу каза болду

 

Бишкектин батыш автобекетинде айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду дейт Патрулдук милициянын басма сөз катчысы.

Кырсык 13-мартта болжол менен саат 23:50 чамасында орун алган.

"1980-жылы туулган Т.М. аттуу айдоочу Скания үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен батыш автобекетинин тушунан 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон эркек кишини сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө адам окуя болгон жерде көз жумган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүгүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.



Батыш автобекетиндеги жөө адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2020. 12:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
07-04-2020 18:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо бир видео коргом, бул камаздын астында турган адам корунбойт экен. Бироону былчылдата эле тебелеп кетиптир. Ошондуктан ар ким озунорго сак болгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: