Эколог: "Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби автоунаалардан чыккан түтүн эмес"

Автоунаалардан чыккан түтүн борбор калаадагы абанын булганышынын негизги себеби болуп саналбайт. Бул тууралуу Кыргыз-Орус Славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын башчысы Андрей Подрезов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, абанын булгануусуна көбүнчө чаң жана ЖЭБден, жеке үйлөрдөн чыккан түтүндөр себеп.

"Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында абанын булганышы чегинен ашып кетти. Дал ошол убакта ЖЭБ иштеп баштаган.

8-декабрда Бишкектин бир нече жерине коюлган приборлор абанын булганышы нормадан 17 эсеге ашып кеткенин көргөздү. Мамлекеттик мекемелердин берген отчётунда негизги себеп катары автооунаалар көрсөтүлгөн. Бирок бул туура эмес, чаң менен түтүнгө салыштырмалуу унаалардын түтүнү чайнектен чыккан парга барабар болуп калат.

СССР маалында деле Бишкекте аба таза эмес болчу. Бирок андан бери автоунаалар дээрлик 10 эсеге көбөйдү. Шаар четине көптөгөн үйлөр салына баштады. Буга байланыштуу аба мурдагыга салыштырмалуу бир топ эсеге булганды. Бул адам өмүрүнө чоң зыянын тийгизет. Абанын тазаланышы үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү кадамдар болушу керек", - деди Подрезов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан