Көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бүгүн, 2-апрелде маалымдады.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак
Түлөбаев өлкөдө токтотулган көк бөрү оюнун кайрадан улантуу керек деген пикирин
билдирген эле.
Мекеме ушул жылдын март айында Ноорузга карата көк бөрү оюнун убактылуу токтотуу чечими кабыл алынганын, бирок бул оюнга толугу менен тыюу салынган эместигин белгиледи.
"Мамагенттик көк бөрү оюну кыргыз эли үчүн маданияты жана каада-салттары үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөт. Бирок спортчулардын ден соолугу жана коопсуздугу көбүрөөк маанилүү деп эсептейт. Мамагенттик кабыл алынган чечимге түшүнүү менен мамиле кылууну жана бардык катышуучулардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган чараларды колдоону өтүнөт.
Жакынкы арада Мамагенттик Көк бөрү федерациясы менен биргеликте кызматташуу келишимине кол коюу маселесин иштеп чыгат. Анда жоопкерчилик тууралуу нормалар так жазылат. Мындан тышкары көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландаштырылууда" деп жазылат расмий билдирүүдө.
Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 12-мартта "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешинде улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.
Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилди.
13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөй турганын билдирген.