Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн,10-июнда кол койду.
5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган.
6-июнда Журналисттер Абдраимовдун мындай мамилесинен кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден Абдраимовду кызматтан кетирүүнү сурап кайрылабыз деген чечимге келишкен. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн өкүнгөнү маалымдалган.