Өмүрбек Бабанов өлкөгө келүү ниетин билдирди

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө учуп келүүнү чечти. Маалыматты "Республика" партиясынын өкүлчүлүгү таратты. Анда учурдагы кырдаалга байланыштуу Бабанов өлкөгө кайтуу ниетин билдиргени жазылат.

"Кыргыз өлкөсүндө бийлик менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ортосундагы күч колдонуу менен коштолгон катаал тирешүү абалды курчутууда. Тилекке каршы, бул тирешүүнүн айынан курмандыктар да болду. Бул окуялар колдон чыгып кетип, өлкөбүзгө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

“Республика” саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековдон жана экс-президент Алмазбек Атамбаевден бул маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырат. Өлкөбүзгө жаңы курмандыктар эмес, тынчтык менен мыйзамдуулук керек.

Ушундай оор абалда “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарына учуп келүүнү чечти. Абалдын курчушун биргеликте токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан