"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери болуп Руслан Казакбаев шайланды

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери болуп Руслан Казакбаев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында аталган фракциядан депутат Үмбөталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн фракция лидерди жабык эшик артында шайлады.

Айта кетсек, кечээ, 13-ноябрда Өмүрбек Бабанов аталган фракциянын лидерлигинен өз каалоосу менен кеткен. Анын чечими фракциянын кезексиз жыйынында каралып, колдоого алынган. 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан