КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун, ушул жылы өтсө, анда кайсы партияларда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк жогору деп ойлойсуз?

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү да айтылып келет.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун, ушул жылы өтсө, анда кайсы партияларда жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк жогору деп ойлойсуз?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Парламенттик шайлоо жакынкы убакта өтсө административдик ресурстарды пайдаланып жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бийликтин гана партиясында болот"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, жакында парламенттик шайлоо өтө турган болсо бийликтин бир партиясында жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү болот.

"Эгерде шайлоо жакынкы убактарда өтө турган болсо административдик ресурстарды, укук коргоо органдарынын ресурстарын пайдаланып жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бийликтин гана партиясында болот. Ал эми калган партиялар чоң альянстарды түзүүгө туура келет. Анткени 9 пайыздык босого менен өтүү, каражат маселесин чечүү бардык партиялар үчүн оор болот. Биздин шайлоочулардын добушу кымбаттап баратат. Ар бир депутаттын орду 500 миң доллардын тегерегинде турат. Ар бир партияга 15-20 миллион доллардай акча керек. Ушулардын баарын чечиш үчүн ар аймактардан чыккан, ар түрдүү көз караштагы саясатчылар, ишкерлер, олигархтар биригүүгө мажбур болот", - дейт Равшан Жээнбеков.

КАДЫРБЕКОВ: "Келечектеги парламенттик шайлоодо эң аз дегенде бийликтин бир партиясы өтөт"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, быйыл парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтпөйт. "Шайлоо мөөнөтүндө өтөт. 2020-жылы жаңы партиялар пайда болушу мүмкүн. Кандай партиялар пайда болот билбейбиз. Негизи келечектеги шайлоодо эң аз дегенде бийликтин бир партиясы өтөт", - дейт Ишенбай Кадырбеков.

МОЛДОКМАТОВ: "2020-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин колдоосуна ээ болгон партия келет деп ишенем"

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов парламенттик шайлоо өз убагында эле болот деген пикирде. "Себеби юридикалык жактан алганда парламентти таркатууга негиз жок. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин колдоосуна ээ болгон партия келет деп ишенем. Партиялык идеясы, программасы бекем камтылган, элдин мүдөөсүн аткарган партия келет. Бирок ошол эле учурда капчыктуу партия келбейт деп айта албайм. Бүгүнкү күндө көп акчанын күчү менен келе турган партиялар даярданып жатат. Бул эч кимге жашыруун эмес. Айрым саясий партиялар анын катарында парламентте отурган фракциянын депутаттары аймактарды кыдырып жүрүшөт. Билинбеген үгүт иштери жүрүп жатат. 2020-жылдагы шайлоо аябай кымбат шайлоо болот. Анткени мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. 7 пайыздык босого 9 пайызга өстү. Демек, мурун партиянын курамында депутат болуу мандатка жетүү 300 миң доллардын тегереги болсо, азыр 500 миң долларга чыгат. 9 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 180 миң добуш алыш керек. Бул партиялар үчүн аябай оор", - дейт Молдокматов.

АСАНОВ: "Кыргызстан", "Республика", "Ата Мекендин" жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар"

Саясатчы Бектур Асанов партия жетекчилери бийликтин саясий кысымына туруштук бериши керек деген пикирде.

"Менин оюмча, быйыл парламенттик шайлоо өтө турган болсо "Кыргызстан", "Республика", "Ата Мекен" партиясынын жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Калган партиялардын мүмкүнчүлүгү тууралуу айтуу кыйын. Себеби бүгүнкү күндө аталган партиялардын реалдуу түрдө эл алдында колдоосу бар. Партиянын жетекчилери бийликтин саясий кысымына туруштук берип, шайлоого барышса жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү болот", - дейт.

ТУРДУКУЛОВ: "Парламенттин кийинки курамында дагы негизги түзүмдү азыркы эле депутаттар ээлейт го"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтпөйт деген оюн айтты.

"Парламенттик шайлоо өз убагында өтөт. Мөөнөтүнөн мурда өтпөйт деген ойдомун. Анткени бул бийлик үчүн оор иш. Ал үчүн парламенттин өзүнүн макулдугун алыш керек. Жогорку Кеңештин макулдугун алуу кыйынчылыкка турат. Кийинки курамда дагы негизги түзүмдү азыркы эле депутаттар ээлейт го. Азыркы шайлоо мыйзамы жаңы күчтөрдүн парламентке келүүсүнө жол ачпайт", - дейт Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан