КҮНСОБОЛ: КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?

29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгоо - КСДПнын съездин өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген собол салды.

КАРАМУШКИНА: "Бийлик жашырбай эле Атамбаевдин тарапташтарына кысым көрсөтүп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айтымында, учурда бийликтен "эгер Атамбаевдин командасы унчукпай отурса, тынч жашайт" деген мамиле болуп жатат.

"Бийлик учурда Атамбаевди колдогондорго ачык, уялбай, жашырбай эле кысым көрсөтүп жатат. Мындай көрүнүш качанкыга чейин уланары белгисиз. Байкап көрсөк, Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш иштери анын катышуусундагы КСДПнын жыйындарынан кийин козголууда. Мисалы, бүгүн КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева Жалал-Абадга райондук жыйынга учуп кеткен. Ал жерде анын артынан байкоо жүрүп жатканын айтты. Ошол адамдар жашырбай эле унаасы менен артынан жүрүшөт. Мен Ошто жүргөндө да ушундай эле көрүнүш болгон. Мунун баары саясий репрессиянын кадамдарынын бири. Азырынча байкоо, анан кылмыш ишин козгоого өтүшү мүмкүн.

6-7-апрелде каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга жардам көрсөтүү боюнча атайын фонд ачылган. Алмазбек Атамбаев бул фондго өз каражатынан акча кошкон. Баарына жардам көрсөтүп жатканбыз. Ал эми Фарид Ниязовго каршы арыз жазган киши ойгонгонсуп, жардамды толугу менен ала албаганы үчүн өч алып жатат. Бирок жардамга көбүрөөк муктаж адамдар болгон да. Ошондуктан мен Ниязовго кылмыш ишин козгоону саясий репрессия деп баалайм. Бийлик элди алдап, Атамбаевге каршы долбоорлорду уюштуруп жатат. Бийликтин бул планы ишке ашпайт жана эртели-кеч бүтөт", - деди Карамушкина.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Фарид Ниязовго козголгон кылмыш иши - Атамбаевге карата жасалып жаткан басым"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголушу КСДПнын съездин өткөрбөй коюу аракети деген пикирде.

“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири, бүгүнкү санаалашы, аны сатпаган Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголушунда саясий боёк бар деп айтсак болот. Атайын ачылган кылмыш иш экени көрүнүп турат. Болбогон нерсе менен бирөө арыз жазды, 200 миң сомду башка жакка которуп койгон деген кылмыш ишинин ачылышы - бул Атамбаевге болгон басым, КСДПнын съездин өткөрбөй коюу аракети. Атамбаевден көпчүлүк санаалаштары кетти. Кетпеген 4-5 кишиси калды. Аларды Атамбаевден кетирүү максатында жасалма, саясий багыттагы кылмыш иши ачылып жатканы көрүнүп турат”, - дейт Жээнбеков.

КЫЛЫЧОВ: "КСДПнын съездине тоскоолдук жараткан учурлар болуп жатат"

Жарандык активист Алга Кылычов съездди өткөрбөөгө аракеттер болуп жатканын айтты.

"Атамбаевдин тегерегиндегилердин бардыгын алсыратуу аракети жүрүүдө. Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгогон туура эмес да. Ал Атамбаевдин атынан Апрель окуясынан каза болгондордун жакындарына жана жарадар болгондорго жардам берип келген. Ниязов жарадар болгондорго көп эмгек жасаган. Алардын акчасын албай, тескерисинче, жардам берип келген. КСДПнын съездине тоскоолдук жараткан учурлар болуп жатат. Нарындагы конференцияга мамлекеттик кызматкерлер келбей калды. 5-6 мамлекеттик кызматкер "съездге бара албайбыз, туура түшүнгүлө" деп кайрылышты", - дейт Кылычов.

МИСКЕНБАЕВ: "Фарид Ниязовго каршы арыз жазган бала Алмазбек Атамбаевден аябай көп жардам алган"

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев КСДПнын жалпы республикалык съезди бийликтин бут тосууларына карабай өтө турганын билдирди.

"Фарид Ниязовдун үстүнөн арыз жазган бала жаракат алгандардын ичинен Атамбаевден эң көп жардам алган бала болчу. Эки жолу Кытайга барып дарыланып келген. Ал "200 миң сом бербей койду" деп жатат, бул акча бюджетте турат, эч ким алган эмес. Эч кимдин колуна берилбейт жана ошол жерде калат. Эгер чын эле дарыланууга керек болсо, Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу берилет. Дарыгерлер "ал чын эле дарыланууга муктаж" деген бүтүм чыгарышы керек.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймактарында КСДПнын жыйындары өтүүдө, бардык жерде бут тосуулар, аңдымай, коркутуулар болуп жатат. Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголгону - ошолордун бир түрү. Азыркы бийлик ушундай болуп калды. Экономика, коопсуздук жөнүндө ойлонбой, Форумду эле аңдып, биз менен алек болуп калды. Элдин жашоо-турмушу экинчи планда, ал эми бийлик апенди болуп калды. Коркутууларга карабай 6-апрелде КСДПнын съездин өткөрөбүз", - деди Мискенбаев.

СУЛТАНБЕКОВ: "Фарид Ниязов - мамлекетке же элге бир да зыян алып келбеген, жалаң гана пайда алып келген саясий жана мамлекеттик ишмер"

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Орусия Федерациясындагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков кылмыш иши партиянын съездин өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу деген пикирин айтты.

"Съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу болуп жатканы ачык эле көрүнүп турат. Бул маселе боюнча Фарид Ниязов кенен маалымат берди. Ал жакта ачык-айкын баарын түшүндүрдү. Фарид Ниязов -мамлекетке же элге бир да зыян алып келбеген, тескерисинче, эң жөнөкөй, мамлекетке жалаң гана пайда алып келген саясий жана мамлекеттик ишмер", - деди ал.

КАСЫМБЕКОВ: "Фарид Ниязовго козголгон иш партиянын съездин өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракети деп баалайм"

КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков өзүнө карата да психологиялык басым болуп жатканын айтты.

"Фарид Ниязовго козголгон иш партиянын съездин өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракети деп баалайм. Жалал-Абадга келсек, артыбыздан улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер органынын кызматкерлери аңдып жүрүшөт. Туугандарымдын үйүнө барып мен жөнүндө сурап жатышыптыр. Ал эле эмес, агамдын үйүнө УКМК кызматкери мыйзамсыз кирип чыгышты. Мунун баары моралдык, психологиялык басым деп эсептейм", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан