Текебаевдин ооруканада дарылануусун улантуу маселеси эки күндөн кийин каралат

Өмүрбек Текебаевдин ооруканада дарылануусун улантуу же абакка которуу маселесин чечүү 25-августта карала турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Токтакунованын айтымында, дарыгерлердин консилиуму (ооруну аныктоо үчүн чогулган врачтардын жыйыны) 25-августка жылган. Текебаевдин абалы ошол күнү аныкталып, дарылануусун улантуу же абакка которуу маселеси чечилет.

Буга чейин дарыгерлердин жыйыны 23-августта болору айтылган.

Экс-депутат дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 1-августта №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна которулган. Учурда дарылануусун улантууда.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ар бири 8 жылга эркинен ажыратылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан