КҮНСОБОЛ: Уйкусураган губернаторлорду улай... Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?

Ош шаарында аймактарды санариптешүүгө арналган форумда мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов бул маселени көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге уктаган чиновниктерди кызматтан кетирүү керектигин айтып, ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү институтун жоюуну сунуштаган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн жоюу керек деген демилге туурабы?" деген собол салды.

БААТЫРБЕКОВ: “Жогорку Кеңеште ар бир демилге жөн жерден чыкпайт”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун айтымында, ал облустардагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүн жоюу же жойбоо маселесине буга чейин кызыгып көргөн эмес.

“Парламентте ар бир демилге сөзсүз түрдө негиздөөлөр болгондо пайда болот. Бул демилге да жөн жерден чыкпаса керек. Ошол учурда ар бир чыккан демилгени өкмөт жакшылап карап, талдап чыгышы керек. Демилге көтөргөн адамдын ой-пикирин, келтирген жүйөлөрүн эске алып, ал системдеги катачылыктарды изилдеп чыгуу зарыл. Мындан кийин өкмөт өзүнүн оюн алып чыгышы керек. Анын жыйынтыгына ылайык, бул демилгени колдоо же колдобоо чечими кабыл алынышы абзел. Чынын айтсам, бул маселеге буга чейин кызыгып, карап көрбөптүрмүн”, - деди Баатырбеков.

БОКОЕВ: “Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүн жоюу керек деген эң туура демилге”

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Конституцияда облустук администрация же облустук өкүл деген жок экенин эскертти. “Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүн жоюу керек деген эң туура демилге. Азыркы күндө райондорду жоюп жибере албайбыз. Анткени бардык мамлекеттик бийлик органдар райондордо бар. Ошондуктан биз облустук деңгээлде жоюшубуз керек. Анткени Конституцияда “райондук администрация” деген бар, ал эми “облустук администрация” же “облустук өкүл” деген жок.

Облустук деңгээлдеги органдарды жоюш керек. 40 райондун 25-30ун калтыруу шарт. Акимдер премьер-министр менен түз иштеши абзел. Бул ишти өкмөт 2023-жылы эмес, 2019-жылы бүтүрүшү керек. Бирок азыркы өкмөт бул нерсени кыла алабы, белгисиз”, - дейт Бокоев.

ШЕСТАКОВ: “Депутаттар кыскартууларды өздөрүнөн баштасын”

Саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикиринде, мамлекеттик башкаруу пайдалуу иштеши үчүн өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү керек. “Депутаттар уктап жаткан чиновниктерди сынга алып жатышат, ошол эле учурда өздөрү парламенттик жыйындарга толук курамда катышпайт. 120 депутаттан 20-30у гана жыйындарга келет. Эгер кыскартуулар керек болсо, анда Жогорку Кеңештен башташ керек. Кичинекей мамлекет үчүн 120 депутат өтө көп. Айрым эсептер боюнча, бир депутат үчүн күнүнө 10 миң сомдон бюджеттен акча кетүүдө.

Ал эми өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү керек. Аймактардын жашоочулары маселелерин премьер-министрге ушул өкүлчүлүктөр аркылуу жеткире алышат. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген кызматкерлердин саны көп деле эмес. Анын ордуна пайдасыз министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди кыскартыш керек”, - деди Шестаков.

МАМАСАЛИЕВ: “Чек ара маселелерин чечүүгө айыл өкмөттөрүнүн күчү жетпейт”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин айтымында, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү бир топ маанилүү функцияларды аткарат. “Бул өкүлчүлүктөр өкмөт жүргүзүп жаткан саясатты аткарат. Пенсия, салык, чек ара, коопсуздук боюнча маселелерди көзөмөлдөйт. Ошон үчүн облустардагы өкүлчүлүктөр институту керек. Эгер аны жокко чыгарсак, ким аталган функцияларды аткарат? Райондордун ортосундагы өз ара иштешүүнү ким жөнгө салат? Мисалы, чек ара маселесин чечүүгө айыл өкмөтүнүн күчү жетпейт. Эгер облустардагы өкүлчүлүктөр институтун жоюу зарыл болсо, шашпай изилдеп, тактап чечиш керек”, - деди Мамасалиев.

АЛТЫБАЕВА: “Азырынча облустардагы өкүлдөрдү жоюу керек деп так айта албайм”

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева өзгөртүү боюнча анализ жасоо керектигин айтты. “Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү боюнча өкмөткө тапшырма берген. Учурда өкмөт маселенин үстүнөн иштеп, карап жатат. Азырынча облустардагы өкүлдөрдү жоюу керек деп так айта албайм. Өкмөт бардыгын анализдеп алып келгенден кийин карап чыгабыз”, - деди Алтыбаева.

МАСАЛИЕВ: “Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн кызмат орду “ыйгарым укуктуу“ деп эсептелет, бирок ыйгарым укуктары жок”

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн ишиндеги кемчиликтерин анализдөө керек. “Мисалы, Баткен облусунда коңшу мамлекет менен чек ара тактала элек. Сүйлөшүүлөр облус башчыларынын деңгээлинде өтүш керек болот. Ойлоп көрсөңөр, айыл өкмөтү барып сүйлөшмөк беле? Эгер өкмөттүн өкүлдөрүнө укуктарын кеңейтүү же кемитүү керек болсо, кошуп же алып берели. Азырынча иши чала болгону далил, бир жагынан кызмат орду “ыйгарым укуктуу “ деп эсептелет, бирок ыйгарым укуктары жок”, - деди Масалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан