КҮНСОБОЛ: Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?

2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген собол салды.

БАКИРОВ: "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлиги түзүлсө, бири-бирин кайталаган аппарат кызматкерлери кыскарат"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Кыргыз мамлекетинде энергетика системинин абалы жакшы эмес экенин айтты.

“Бүгүнкү күндө энергетикалык холдингдин 100 миллиард сомдун тегерегинде карызы бар. Ошол эле мезгилде борбордогу жылуулук электр станциясы чыгымы көп ишкана болуп саналат. Убагында энергетикалык холдингди бир эле министрлик тескеп турган. Тактап айтканда, өндүргөндү, жеткиргенди жана сатканды дагы бир министрлик башкарып келген. Мындай башкаруу мобилдүү болчу. Мен Улуттук энергетикалык холдингди жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин калыбына келтирүүгө макулмун. Себеби бир министрлик сатканды да, өндүргөндү дагы башкарып калса, бир топ чиновниктер, бири-бирин кайталаган аппарат кызматкерлери кыскарат. Мындай кадамдар бюджеттик каражатты үнөмдөп, башкарууга жеңил болот”, - деди Бакиров.

АРГЫНБАЕВ: "Энергетика тармагында көйгөйлөр министрлик түзүлсө эле чечилип калбайт"

Энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев билдиргендей, депутаттардын арасында энергетиктер жок.

“Элдин айтымында, Жогорку Кеңеште базарком, бизнесмендер бар. Бирок энергетиктер жок. Ошолор отуруп алып энергетика көйгөйүн чечишет. Энергетика министрлигинин башкы кызматына куруучу, бухгалтерлерди коёт. Азыркы депутаттар бүгүнкү күнгө чейин энергетика боюнча мыйзамды кесипкөйлөргө таянып чыгарган жок. Эч качан кесипкөйлөргө таянып чечим чыгарышкан эмес. Өздөрүнүн кызыкчылыктарын гана коргошот. Энергетика тармагында көйгөйлөр министрлик түзүлсө эле чечилип калбайт. Министрлик түзүлсө кимди башкы кызматка алып келерин болжолдуу түрдө билебиз”, - дейт Аргынбаев.

УМБЕТАЛИЕВ: "Улуттук энергетикалык холдинг" түзүлгөнүнө үч жыл болсо да алдыга жылыш болгон жок"
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Энергетика министрлиги түзүлүшү керектигин айтты.
“Үч жылдан бери “Улуттук энергетикалык холдинг” жакшы иш көрсөткөн жок, реформа, алдыга жылыш болгон жок. Коопсуздук кеңештин жыйынында президент холдинг түзүлсө да жакшы иш жүрбөгөнүн айтып, баасын берген. Энергетика министрлигин түзүүнү кайра карап чыгуу керек. Мен да министрлик түзөлү деп сунуштап жатам. Мунун бирден бир себеби - министрлик түзүлсө саясий орган болот. Тышкы жана ички саясатты Энергетика министрлиги жүргүзөт. Коңшу мамлекеттерде да Энергетика министрлиги бар. “Улуттук энергетикалык холдинг” чакан ишкана болуп, башка мамлекеттин министрлигине тең ата болуп сүйлөшө алган жок”, - дейт ал.
МУКАНБЕТОВ: "Энергетика тармагындагы реформалар чыгашадан башка эч нерсе алып келген жок"
Энергетиканын экс-министри Картайбек Муканбетовдун айтымында, энергетика тармагындагы башкаруу системин реформалоо керек.
“Электр энергия тармагы чоң болгондуктан аны бөлүп же башка тармакты кошкон туура эмес. Менин оюмча, отун-энергетикалык комплексин түзүү зарыл. Электр энергия, көмүр, газ, мунай зат тармактарынын бардыгын бириктирип комплекс болуп түзүлсө жакшы болот. Мындай систем Орусияда жана башка жерде дагы бар. Башкаруу, көзөмөлдөө жеңил болуп, чыгашалар кескин азаят.
Буга чейинки энергетика тармагындагы реформалар чыгашадан башка эч нерсе алып келген жок. Убагында Энергетика министрлигин жоюуга каршы чыкканбыз. Бирок бизди эч ким уккан эмес”, - дейт Муканбетов.
МОЛДАЛИЕВ: "Бизде бир нерсени жоюп, кайра түзүү өнөкөт болуп калды"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бул жагдайда тармакты мыкты билген адистер менен кеңешүү керектигин айтты.
"Энергетикалык холдингди" түзгөндө 5-чакырылыштын депутаттары жактап беришкен. Министрликти жойсок, "Улуттук энергетикалык холдинг" заманбап болот, өнүккөнгө жардам берет, инвестиция тартууга да оңой болот дешкен. Ал эми ал түзүлгөндөн кийин ЖЭБдеги авария болуп кетти, андан башка да маселелер чыкты. Анан кимисинен кетти деп күнөө издегенде, “Энергетикалык холдингден” деген маселе чыгып жатат.
Буга бул тармакты мыкты билген адистер анализ жүргүзүшү керек. “Энергетикалык холдингден” эмнелер күтүлдү эле, эмне өзгөрдү, ал эми министрлик болгондо кандай жылыш болду эле деп салыштырышы керек. Бир структураны экинчи структурага өзгөртүп, анан аны кайра түзүп, бул нерсе канчалаган адамдын жумушуна тоскоолдуктарды жаратат. Бизде бир нерсени жоюп, кайра түзүү өнөкөт болуп калды.
Убагында холдинг түзүү аябай жакшы болот деп далилдешкен. Авария болгондо холдингдин күнөөсү барбы же жокпу, министрлик болгондо аны токтотуп калат беле ушунун баарын тыкыр анализдөө керек. Бизде энергетика тармагында тажрыбайлуу адистер бар, ошолордун пикирин угуу керек, анан жасашса жакшы болмок", - дейт Молдалиев.
АКЫЛБЕК: "Энергетика министрлигин жоюуну сунуштаган эле парламенттин кайра аны түзүүнү айтып жатканы өздөрүнүн катачылыгын моюндаганы"
Саясий серепчи Нурсултан Акылбек Кыргыз мамлекетинин энергетика тармагы терең кризисте жана реформага муктаж болуп келе жатканын айтты.
"Бул жаатта структуралык өзгөрүүлөр да керек. Энергетика министрлигинин жоюлушу жана энергетикалык холдингдин пайда болушу 2015-жылы түзүлгөн коалициялык келишимдин жыйынтыгы, тактап айтканда, азыркы депутаттардын кылган иши эле. Бул ошол учурда кабыл алынган туура эмес чечим болгон. Биринчиден, чоң коррупциялык гигант пайда болду. Экинчиден, ишмердүүлүктү жүргүзгөндө эч кандай жоопкерчилик болгон жок. Депутаттар бул өздөрү кетирген катасын бир нече жылдан кийин түшүнгөнү өкүндүрөт. Биз сууга бай мамлекет катары эсептелебиз, чоң эл аралык энергетикалык долбоорлорго активдүү катышып келебиз. Бирок энергетика чөйрөсүндө көптөгөн көйгөйлөр бар. Азыр биз сууга бай болгонубуз менен, электр энергияны импорттойбузда, инвестиция тарталы десек, ошол ачыла турган завод же фабрикага жеткиликтүү электр энергия бере албайбыз. Мындай себептен көптөгөн инвесторлор ишканаларын ача албай жатышат. Анан кайдан бизге инвесторлор келет? Экономикада кайдагы өсүүлөр болот, кантип жаңы жумуш орундарын түзө алабыз? Эгер ишканаларды иштетүү үчүн электр энергия жетиштүү эмес болсо жаңы ГЭСтерди курууга инвесторлор жок, анткени азыркы абалда биздин энергетика чөйрөсү потенциалдуу инвесторлорго рентабелдүү эмес. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир багытта туура саясат жүргүзүү үчүн Энергетика министрлиги керек. Реформаларды жүргүзбөсөк бизде экономикалык өсүү болбойт", - деди Акылбек.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан