КҮНСОБОЛ: Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти? (толукталды)

Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо ою өзгөрүп кеткен 14 депутаттын өз пикирлери болушу мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо башынан аягына чейин бир талапкерге добуш бергенин айтты.

“КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо беш талапкердин бирөө добуш берүүгө киргизилбей калган. Ошол себептен добуш берүүнүн тартиби бузулду. Эл өкүлдөрү тартип бузулду, кайрадан добушка коюлушу керек деген пикирлерди айтышты. Кийин бир тарап сотко берип коюшу мүмкүн эле. Ошондуктан кайрадан добуш берилди. Жыйынтыгында добуш берүү маселесинде ушундай болду. Мен башынан аягына чейин бир талапкерди тандап, добуш бердим. Добуш берүүдө ойлор өзгөрүп кете берет. Бирок мен 3-4 ирет добуш берилсе дагы оюмдан кайтпайм. Татыктуу талапкерге добушумду бердим. Ал эми ою өзгөрүп кеткен 14 депутаттын өз пикирлери болушу мүмкүн”, - деди Жээнчороев.

АКАЕВ: "КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө шайлайбыз деп дагы бир жолу Жогорку Кеңеш коомчулукка уят болду”

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин ансыз да коомчулукта баасы жогору болбой турган учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо дагы бир жолу уят болгонун айтты.

Биринчи добуш берүүдө бир талапкер өтүп, ал бирок оппозициялык маанайдагы сөздөрдү сүйлөп жаткандыктан кайра добушка коюлду. Кайра добуш берүү үчүн айрым катачылыктарды негиз кылышты. Мында башкаруучу коалиция, фракция түртмөлөп жаткан адамды дайындап койгондой болуп калдык. Бул кадам туура эмес болуп калды. Анткени көз көрүнөө түшкө чейин 79 добуш алган адамды кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында добушун 69га чейин түшүрүштү. Анын ордуна коомчулукка таанымал эмес, журналисттик ишмердүүлүгү боюнча эч кандай тажрыйбасы жок адамды Жогорку Кеңештин депутаттары шайлап коюшту. Мындай кадам баарыбызды өкүндүрдү. Себеби КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө мыйзам боюнча ошол тармакты билген адам болушу керек. Мен Атыркүл Сарыбаева деген атты, ушундай адам бар экенин биринчи жолу уктум. Интернеттен карасак, акыркы учурдагы байкоочу кеңешке мүчө боло турганы тууралуу гана маалыматтар чыгат. Журналисттик ишмердүүлүгү тууралуу бир дагы маалымат таппайсың. Ошондой адамга добуш берип өткөрүп койдук.

Эми эртең базарда иштеп жаткан же абактан чыкканына 3 күн болгон адамды "жогору жак айтып жатат, ушуну министрдин орун басары кылып шайлап бергиле" десе, ошону да шайлап бере тургандай абалда экенибизди кечээги окуя көрсөттү”, - деди Акаев.

МАСАЛИЕВ: "Төрага Асылбек Шариповичтин алдында жүгүнүп койду, аны мен ачык айтам"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо коомчулукта терс пикир пайда болгонун айтты.

“Түшкө чейин 79 депутат бир талапкерге добуш берип, түштөн кийин башкача болуп кетти. Бирок шайлоонун табияты ушундай. Биз деле шайлоого барганда күткөн добушубузду ала албай калабыз. Кечээги маселе боюнча башынан эле процедура бузулган болчу. Буга толугу менен кошулам. Мындай шайлабашыбыз керек болчу. Жеке өзүм башынан аягына чейин бир кишиге добуш бердим. Ошондуктан мен уяла турганга негиз жок. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева башында шашып кетип, 5 талапкердин төртөөнө гана добуш берилип калган. Ошол себептен биринчи добуш берүү жокко чыгарылып, кайрадан коюлду. Бул негизинен туура эле. Ал эми 14 депутаттын пикири эмне себептен экинчи добуш берүүдө өзгөрүп кеткенин билбейм. Асылбек Жээнбеков келип сунуш бергенде дароо төрага Дастанбек Жумабеков добушка койду. Төрага Асылбек Шариповичтин алдында жүгүнүп койду. Аны мен ачык айтам. Ушул эле сунушту Жээнбековго чейин мен деле бергем. Менден башка Садык Шер-Нияз деле ушул сунушту айткан. Эмнеге төрага ошондо добушка койгон эмес? Ал эми президенттин иниси сунуш бергенден кийин добушка койгону төрага өзүнүн мүнөзүн көрсөткөн деп эсептөө керек. Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар башынан аягына чейин бири-бирин үгүттөгөн иштер жүргүзүлдү. Аны жашыруунун кажети жок”, - деди Масалиев.

ШЕР-НИЯЗ: “Шайлоо тартиби дайыма ушундай оюн”

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын айтуусунда, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо биринчи добуштун жыйынтыгы менен эле өткөрүп койсо болмок.

“Бирок ошол убакытта биринчи добуш берүүгө кирбей калган талапкер Нургазы Мусаев сотко кайрылганга акылуу болмок. Башында эле мен "биринчи добуш берүүнү жокко чыгарып, кайра добуш берели" деген сунушту бергем. Аягында ошого келдик. Саясатта түшкө чейин бир ой, түштөн кийин башкага өзгөрүлүп кете берет. Шайлоо тартиби дайыма ушундай оюн. Балким, Чынар Капаровадан башка талапкерлер дагы “мен өтөм” деген ниет менен отурду. Мындан трагедия жасабоо керек. Жашоодо далай ашуулар бар. Муну эмне себептен эмоционалдуу түрдө Мусаевди айтып чыкканымды анализ жасадым. Бир кезде мен дагы парламентке келип, маданият министрине ошол кездеги “Ар-Намыс” партиясы чакырып, анан кошпой коюшкан. Мүмкүн ошону дагы эстеп кеттим окшойт. Ал эми кайра добуш берүүнү эртең менен “карга бок чокуй электе” бергем. Бирок эмнегедир төрага Дастанбек Жумабеков сунушумду койгон жок. Аягында Асылбек Жээнбеков кудум мен айткан сунушту кайталап айтты. Анын сунушу дароо коюлду да өттү. Жогорку Кеңеш, өкмөт дайыма элдин сынына кабылып турат жана ошондой болушу керек. Бул жерде жооткотуу системи да ойнойт”, - деди Шер-Нияз.

САТАРОВ: “Бир эле маселе боюнча экинчи жолу шайлашканы башка ойлорго түртөт”

Коомдук ишмер Абды Сатаров эгер депутаттар келбей калган кесиптешинин ордуна добуш берип коёлу дешсе, бул маселе жаралмак эместигин айтты.

“Кандай таасир эткенин билбейм. Бирок Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлашты, добуш беришти. Мыйзам боюнча туура эле кетишти. Бирок кайра чечимин жокко чыгарышты. Биринчи добуш берилгенде эле баары мыйзам чегинде болгон, ошол бойдон калууга тийиш болчу. Анан бир киши келбей калганы үчүн баарын жокко чыгаруу туура эмес. Эгер депутаттар келбей калган кесиптешинин ордуна добуш берип коёлу дешсе, бул маселе жаралбайт болчу. Бирок бир эле маселе боюнча экинчи жолу шайлашканы башка ойлорго түртөт. Албетте, мындай кадам мыйзамдуулуктун бузулушуна, ишенбөөчүлүккө алып келиши мүмкүн. Бул нерсени осол катары кабыл алдым. Кандай болгон күндө да депутаттардын ыйманында жана абийиринде", - деди Сатаров.

АКИМОВ: "Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоодогу көрүнүш саясий оюн болуп жатканын эле билдирет"

Журналист Турат Акимов Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоодогудай мамиле эл өкүлдөрүнө карата болгондо депутаттар митинг уюштуруп жибермек деген пикирин айтты.

"Эгер биринчи добуш берүүдөн өтпөй калганда ишеним көрсөтпөй койсо болмок. Депутаттар өздөрү биринчи көп добуш алып, экинчи жолкусунда ошончо добуш ала албай калышса митингдерди уюштуруп, саясий комиссия түзүп чыгышмак. Бул нерсе саясий оюн болуп жатканын эле билдирет. Байкоочу кеңеш негизи олуттуу маселени деле чечпейт. КТРКнын директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү бүтүп жатканына байланыштуу жаңы жетекчинин ишине каршылык көрсөтпөсүн деп кеңештин курамын жаңылашты окшойт. Талапкерлердин көбү таанымал эмес. Чынар Капарова диктор болгону менен, белгилүү болбосо ал деле көзгө көрүнчү иш жасап, саясий аренада жүргөн жок. Бирин жакшы, экинчисин жаман деп айтууга болбойт. КТРК өкмөттүн карамагында болгондон кийин баары эле эртең баш ийип беришет. Байкоочу кеңеш жетекчини жарым жылда бир сындап коюшат, башка иши деле жок", - деди Акимов.

ТОКТОНАСЫРОВ: “Бир маселе боюнча эки токтом кабыл алгыдай парламент базар эмес да”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров учурда президенттик аппарат Жогорку Кеңешти башкарып алганын жана алар кандай десе ошол ымалага келип жатышканын айтты.

“КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы мүчөсүн тандоо маселеси эмне себептен тез өзгөрмөлүү жана талаштуу окуяны туудурду? Себеби бекем позициясы жок. Интернетте күлкү келерлик бир жагынан ынанбай койгудай окуядай чечмелеп, “смотрящий” бар болушу керек деп жазып жатышпайбы. Азыр президенттик аппарат Жогорку Кеңешти башкарып алган, алар кандай десе ошол ымалага келишет.
Эмне себептен түшкө чейин Капарова 79 добуш менен өттү деп токтом кабыл алынса, түштөн кийин башка жыйынтык чыгарып жатышат? Бир маселе боюнча эки токтомду кабыл алгыдай бул базар эмес да. Дегеле, Кыргыз парламентинин тарыхында азыр иштеп жаткан 6-чакырылыштын парламентинин кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге түштү. Бул көрүнүш жакшы эмес. Мен акыркы күндөрү азыркы айрым адамдардын Жогорку Кеңешти таркатып жиберүү идеясын да колдогум келип жатат. Эми 1 жыл калды эмне кылмак эле деп айтышы мүмкүн. Жок, антпеш керек, биз, шайлоочулар өзүбүз күнөөлүбүз, Жогорку Кеңештеги депутаттардын айланасында кандай ыплас иштер болуп жатат унчукпайбыз, ырылдап-чырылдап айтып тим болобуз. Чечкиндүү позициябыз жок, чечкиндүү талапты коё албаган өзүбүз да күнөөлүүбүз. Макул болуп жүрүп ушинтип убакыт өтүп кетти. Эми аз убакыт калганда аларды таркатууга чакырган пикирлер менен талашып-тартышып отурабыз. Атыркүл Сарыбаева телевидениенин ашканасын билбей туруп анан ошол жакка бара жатканы туура эмес. Анын ордунда болсом трибунага чыгып, “рахмат, мага ишеним көрсөткөнүңөргө, бирок Чынарга эле берейин. Ал 79 добуш алды, мен 77” демекмин, бирок ал жүткүнөт”, - дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан