Башкы прокуратура: "Зарылбек Рысалиев кармалган жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев камакка алынган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Рысалиев күбө катары сурак бергенден кийин коё берилген.

Зарылбек Рысалиевдин телефону өчүк болууда.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Зарылбек Рысалиев сурак учурунда өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилгенин билдирген. Ал эми ИИМ кененирээк маалыматты эртең берерин убадалаган.

SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашкандай, сурак аяктагандан кийин Рысалиевди 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизүү боюнча протокол түзүлгөндө, өзүн начар сезип баштаган. Мындан улам ооруканага жеткирилип, аны конвой кайтарып жатканы айтылган.

Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

3-майда дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова, 6-майда Жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев, 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, 21-майда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, 30-майда ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова камакка алынган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан