Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон спецназ Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары күч органдарындагы өздүк булагына, маркумдун адвокатына таянуу менен жазып, учурда кылмышка шектелип кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экени белгилеген.
"Белгилүү болгондой, шектүү Алмазбек Атамбаев да, анын жансакчылары да эмес" деп жазылат алардын маалыматында.
Анда УКМКга таянып жазылгандай, Ниязбековду операциянын жүрүшүн жетектөө үчүн Кой-Ташка көтөрүп барган өзүнүн автоматы менен аткан. Андан автоматты Атамбаевдин тарапташтары тартып алышканы айтылат.
Бирок жогорудагы маалыматтын чын-бышыгын УКМК да, ИИМ да тастыктай элек.
7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында спецназдар менен экс-президенттин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ошол күнү Ниязбековго ок тийип, ал алган жаракатынан улам көз жумган.