Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу Аскер прокуратурасы тарабынан маалымдама берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.
Анын айтымында, жаңы козголгон эки кылмыш иши Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана "Форум" ишканасына байланыштуу.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.