Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасына барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Канат Сагымбаев бүгүн, 27-августта саат 14:00гө чакырылган. "Канат Сагымбаев менен анын кесиптешинин көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар болууда. Экөө тең күбө катары чакыртылып, беттештирүү болду", - дейт Замир Жоошев.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан кийин колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Андан кийин анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап, камактагы мөөнөтү 2019-жылдын 26-октябрына чейин узартылган.