Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору старт алды. Бул сынакты SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурду.
Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу бүгүн, 14-сентябрда Ысык-Көлгө келишти. Тагыраагы, катышуучулар алгач Каракол шаарынан Түп районундагы кум жээкке кеме менен келишти. Андан соң оюнчулар чүчү кулактын негизинде "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген эки топко бөлүнүштү.
Реалити-шоунун катышуучуларына бүгүндөн баштап чектөөлөр киргизилет. Дегенибиз, ар бир оюнчу 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт. Мындан улам алардын чөнтөк телефондору жана кулакчындары чогултулуп алынды.
Ошондой эле алдыда катышуучуларды ар кандай сыноолор күтөт. Күтүлүп жаткан оор сынактын бири - тамак-аш табуу. Катышуучулар калк жашабаган аймактан орун алгандыктан азык-түлүк таап жеши керек болот. Кызыктын баары алдыда.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Катышуучулар:
Азамат Аманидинов, 31 жашта (Бишкек).
Азамат Мамбетов, 35 жашта (Талас).
Айгерим Ибрагимова, 19 жашта (Бишкек).
Деңиз Маданбеков, 25 жашта (Жалал-Абад).
Замира Хатамова, 38 жашта (Чүй).
Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов, 33 жашта (Чүй).
Ырчы Айгерим Эшим, 25 жашта (Чүй).
Ырчы Кудайберди Айтбосунов, 26 жашта (Ысык-Көл).
Ырчы Калыс Жакыпов, 20 жашта (Нарын).
Ырчы Нуркыз Кожонова, 30 жашта (Жалал-Абад).
Ырчы Назэль, 34 жашта (Чүй).
Ырчы Саниа Абдукаарова (Бишкек).
Ырчы Шерхан Абкулов, 25 жашта (Талас).
Ырчы Марс Мамаев, 31 жашта (Чүй).