"Жылаңач баатыр" долбоорунда Айгерим Ибрагимова жумуртка сындырып 20 миң сом утуп алды

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору жыйынтыкталды. Анда 14 катышуучунун ичинен суурулуп чыгып, үчүнчү орунду багындырууга долбоордун эң кенжетайы Айгерим Ибрагимова жетишти. Жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанатынан кийин Айгерим Ибрагимова ойлору менен бөлүшүп, өзүн сынап көрүү үчүн келгенин айтат.

"Жылаңач баатыр" долбооруна кастинг жарыяланганын сайттан окудум. Өзүмдүн күчүмдү, чыдамкайлыгымды текшерейин деп долбоорго катышууну чечтим да, анкета толтурдум. Долбоордун биринчи күнүндө маршруттук унаада келе жатканда Калыс Жакыпов, Шерхан Абкулов менен чогуу келгенбиз. Мен алар менен бир командада оюн көрсөткүм келген. Көлгө баргандан кийин "Көк кемсел" жана "Кызыл кемсел" командасы болуп экиге бөлүндүк. Тилекке каршы, мен теңтуштарымдын эмес "карылардын" арасында болуп калдым. Жолдо келе жатканда таанышып, сүйлөшүп келген кыздар, жигиттер менен бир команда болгум келген оюм ишке ашпай калды.

Долбоордо көпкө чейин калбайм, эч кимиси менен тил табыша албайм го деп ойлогом. Бирок Азамат Аманидинов, Деңиз Маданбеков өңдүү агаларымды, Нуркыз Кожонова эжемди таптым.

Ал эми Назэль айым чындыгында аябай ак көңүл, назик, сулуу, жакшы адам экен. Эгер ал менин апам болсо, мен аябай назик болмокмун.

Финалга чыккандан кийин мырзалар менен тең жарышып таймаштым. Бирок жумуртканы сындырып алып үчүнчү орундун ээси болдум.

Ал эми биринчи жана экинчи орундун ээлерин аныктоо күнү келгенде эки мырзаны ойготтум. Карасам алар аябай толкунданып алышыптыр. Аларды көрүп мен дагы толкундандым. Бардыгы Кудайдын буйругу менен болот экен. Анткени оюндун башынан эле Марс байке командасы үчүн күйүп, болгон аракетин жумшап, жеңишти каалаган. Анын ниети Кудайга жетип, биринчи орунду алды", - дейт Айгерим Ибрагимова.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Замира Хатамова, Шерхан четтетилген. Ал эми Саниа өз эрки менен утулуп, долбоордон кеткен.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Финал. Баш байге кимге буйруду? (14-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2019-09-29 01:55:51
Кок кемселдер эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан