"Өзүмө нааразы болдум" дейт "Жылаңач баатыр" долбоорунда экинчи орунду алган Кудайберди Айтбосунов

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун финалдык бөлүгү дагы жыйынтыкталып, байгелүү орундардын ээлери ким экени аныкталды. Баш байгени ырчы Марс алса, экинчи орун Кудайберди Айтбосуновго буюрду. Ал эми үчүнчү орунду долбоордун кенжетайы Айгерим Ибрагимова камсыздады.

Жеңилүү ызаасы кандай болорун билбептирмин деген Кудайберди Айтбосунов буларга токтолду.

"Финалда кандай оюн болот деп ойлондум. Эртең менен турганда эле толкунданып баштагам. Мындай толкундоо өмүрүмдө бирини жолу болду. Оюндун башында чаканын ичинде чычкан бар деп коркутушту. Жылан, бакадан коркпогонум менен чычкандан башкача корком.

Финалдык таймашта колум талып кетти, уткум келип байланып турган колумду экинчи колум менен таядым. Ошондо бир жолу эскертүү алдым. Колумду сезбей калганда дагы бир жолу эскертүү албай, адилеттүү ойноюн деп түшүрүп салдым. Утулуп калдым, бирок шүгүр келтирем. Негизи утулганды билиш керек экен. Буга чейин мен утулганды билбей келиптирмин. Мага колдоо көрсөтүп, каалоо-тилектерин жазган күйөрмандарыма рахмат. Силердин ишеничиңерди актай албай калдым", - деп мукактанып кетти.

Бир топко чейин башын кармап отурган Кудайберди Айтбосунов: "Утулуп калганым үчүн өзүмө нааразы болуп кеттим. Буга чейин такыр ыйлап көргөн эмсемин", - деп ыйлаганын жашыра албады.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Замира Хатамова, Шерхан четтетилген. Ал эми Саниа өз эрки менен утулуп, долбоордон кеткен.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Финал. Баш байге кимге буйруду? (14-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuke-85-85
2019-09-28 23:59:58
Койчуу ээ ушу Т.Нурзаттын иниси жакпайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан