"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору уланууда. Күн сайын талаш-тартыш жараткан, кайым айтышуу менен коштолгон оюндардын кезектеги чыгарылышы менен тааныштырабыз.
Долбоордун 4-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын оюнчулары эмоциясын жашыра албаган оюнду ойношту. Тагыраагы, эки топко тең 5 кутуча коюлуп, ага бака, боор (койдун), ичеги, кум, балыр салынып, желим бөтөлкөнүн капкагы катылган. Эки топтон бирден оюнчулар алып баруучунун ышкырыгы жаңырганда, кутуча тизилген жерге чуркап келип, ичиндеги капкакты алып чыгышты. Кимиси биринчи болуп 5 кутучанын ичинен бирден капкак таап чыкса оюн токтотулуп, кийинки катышуучулар чакырылды.
Кутучанын ичиндегилер баардык оюнчуларды коркутуп, болгон эмоциясын чыгарды. Ырчы Назэль коркконунан кыйкырып, уят сөздөрдү дагы айтып алды. Ал кутучадан капкак алып чыгам деп баканы кармап алып, колундагы жандыкты көргөндө, андан тез арада кутулууга аракет кылды.
Кыйкырган, бакырган катышуучулар оюндан кийин кутучанын ичиндегилерди көрүп, айрымдары бака, жыландан аябай коркорун айтышты. Нуркыз Кожонова "колумду бака тиштеп алды окшойт, колумду силксем дагы бака жармашып көпкө түшпөй туруп алды" дейт.
Жыйынтыгында, "кызыл кемселчендер" 22 капкак чогултса, "көк кемселчендердики" 31 капкак болуп кетти. Бул жерде эреже бузулуп, оюнчулар ашыкча капкакты кошуп алган. Мындан улам эреже бузган команда утулуп, "кызыл кемселчендер" жеңишке жетишти.
Дагы бир белгилей кетүүчү учур, командалар чогулткан капкактарды шоколад, балмуздак, дарбыз, колбаса, сыр, айран, быштак, нан азыктарына алмаштырышты.
Оюн аяктагандан кийин, утулуп калган топ менен уткан команданын оюнчулары айтыша кетишти. Анда "Кызыл кемсел" командасынын оюнчулары каршылаштарынын эреже бузганын айтып, "адилеттүү ойногула да, чычалай бербей" дешти. Нуркыз Кожонова өздөрүнүн эле арасынан сатып кетиши мүмкүн экенин айтып, ар бирине кайрылып, ашыкча капкакты ким кошконун сурап чыкты. Бирок бул аракетинен жыйынтык чыккан жок.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган.
Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.