Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору уланууда. Бул ирет катышуучулардын ортосунда тамак-аш үчүн талаш-тартыш орун алды.
Реалити-шоунун экинчи күнү өтүп, долбоордун 3-күнүндө катышуучулар бүйүр кызыткан оюн ойношту. Тагыраагы, "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командалары сууга бышырылган жумуртка жана тез дардалуучу азыктар, суусундуктар үчүн беттешти. Бүгүнкү оюнда баштыкка салынган жумурткалар таякчаларга жип менен бекем байланып, кумдун алдына катылган. Айрым таякчалардын алдында жумуртка жок. Ал эми оюнчулар "жумуртка талаасына" чоюлгуч арканды белине тагып алып чуркап жетип, кумга сайылган таякчаны сууруп алышы керек. Эки команданын өздөрүнүн талаасы болуп, эки жакка тең бирдей сандагы жумуртка жашырылды. Оюнчуларга өздөрүнүн талаасындагы таякчаларды алып бүтсө, каршылаш команданын талаасына өтүп кеткенге мүмкүнчүлүк берилди.
Катышуучулар бул жолу ачка болгонуна карабай, болгон күчүн жумшап, көбүрөөк жумуртка чогултууга аракет кылышты. Айрымдары арканды тарта албай кулап, тоголонсо, айрымдары бир таякчаны талаша кетишти. Сынак аяктайын деп калганда, "Көк кемсел" командасынын оюнчусу Назэль менен "Кызыл кемсел" командасынын оюнчусу Шерхан Абкулов таякча талаша кетишти. Ал таякчага байланган баштыкта 5 жумуртка болгондуктан, ал кайрадан ортого коюлду. Ага эки топтон Саниа менен Нуркыз Кожонова чыгып, жыйынтыгында "Көк кемсел" командасынын оюнчусу таякчаны илип кетти.
Соңунда жумурткалар саналып, "Көк кемсел" командасы жеңишке ээ болушту. Бирок бул жеңишке "Кызыл кемсел" командасынын оюнчулары каршы болушту. Алар таякчаны Шерхан Абкулов илип кеткенин айтышып, оюнга ошол катачылык кетирген оюнчулар чыкса дешти.
Ошондой эле оюн учурунда "көк кемселчендерден" Айгерим Ибрагимова жыгылып, колун сыйрып алса, "Кызыл кемселчендерден" Айгерим Эшимдин тизеси сыйрылып, шымын жыртып алды. Ал эми Марс Мамаев тамагы ооруп жатканын айтып, дарыгерге кайрылды.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган.
Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.