Ырчы Кудайберди Айтбосунов убадасын аткарып, "Жылаңач баатыр" долбоорунан четтетилген оюнчуга смартфон тартуулады

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун финалисти, ырчы Кудайберди Айтбосунов Замира Хатамовага смартфон тартуулады. "Жигит бир айтат, айтканынан кайтпайт" деген ырчы буга чейин долбоордун катышуучусу Замира айымга телефон убадалаган.

Кудайберди Айтбосунов Замира айымга сөз бергенин айтып, күтүүсүз белек жасады.

"Эркек айтат, бирок кайтпайт". Мен Замира эжеге биринчи орунду алып калсам телефон алып берем деп убада кылгам. Бирок биринчи орунду алган жокмун. Экинчи орун деле биринчи орундай. Андыктан Замира эже айтканымды аткарып жатам. Бул менден сизге белек", - деп смартфон тартуулады.

Ал эми реалити-шоунун катышуучусу Замира Хатамова белек күтүүсүз тартууланганын айтат. "Негизи Кудайберди долбоордо жүргөндө биринчи орунду алып калсам сизге эмне тартуулайын" деп сурады. Эч нерсе керек эмес дегениме карабай "айтыңыз эже" дей бергенинен телефон деп койгом. Анан дагы биринчи орунду алсам белек алып берем деген да. Ошого мындай белекти күткөн эмесмин. Кудайберди чоң рахмат!".

"Супер баатыр" Кубогунун ээси Марска 100 миң сом, 2-орундун ээси Кудайберди Айтбосуновго 50 миң сом, 3-орунду ээлеген Айгерим Ибрагимовага 20 миң сом сыйлык 30-сентябрда тапшырылды.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Замира Хатамова, Шерхан четтетилген. Ал эми Саниа өз эрки менен утулуп, долбоордон кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nuke-85-85
2019-10-01 09:27:46
Красавчик Кудаш!!! Эркек деген ушундай болушу керек.
+8
bema_bema
2019-10-01 10:43:55
Молодец красавчик))) телефонду мен алгандай эле суйунуп атамго.Ушунчалык сыйым артды тааныбасам дагы.Кудайбердиге окшогон кыргызымдын жигиттери коп болсун. Сен бироого кашыктап берсен ,сага чомучтоп берсин,тапканвнын баракасин берсин.
+6
Acord
2019-10-01 10:57:47
Азамат Кыргызда сендей жигиттер коп болсун
+7
KG-zigit
2019-10-01 20:22:27
Азаматсын Кудайберди, атына затын жарашкан Кыргызымдын эн алдынкы жигиттеринен болуп журо бер
+3
Jelena09
2019-10-01 20:30:56
Азаматсын конулу таза жигиттей корунот
+3
moskyrsat
2019-10-02 04:20:35
Угуп алып абдан суйундум маладес нагыз жигиттик мунозуну коргозупсун
0
aza84
2019-10-02 10:35:21
Куба красавчик
0
miss2014
2019-10-03 06:29:14
Куба азаматсынар, аябай ыймандуу, адамгерчиликтуу бала экенсин, ата энене рахмат сен дей баланы тарбиялаган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан