"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору. Оюндан четтетилген катышуучу колуна телефонун алып, сүйүнүп жатканын айтат

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору бул ирет шоу-бизнес өкүлү менен коштошту.

Долбоордун 4-күнүндө эки команда ортосунда коркунучтуу, фобияны жеңүүгө багытталган оюн болуп, анда "Көк кемсел" командасы эрежелерди бузгандыгы үчүн, жеңишти каршылаш командасына алдырып жиберди.

Муну менен команда үчүнчү ирет утулуп, дагы бир оюнчусу менен коштошууга туура келди. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, ырчы Нуркыз Кожоновага каршы 4, Азамат Аманидиновго каршы 2 добуш берилди.

Оюндан четтетилген Нуркыз Кожонова колуна телефонун алып, сүйүнүп жатканын айтты.

"Келгенден бери телефонсуз жүрүп, көнүп калыптырмын. Азыр телефонумду колума алып, аябай сүйүнүп жатам. Мен командам үчүн аябай күйүп жаттым. Бул деген оюн, ошондуктан башка катышуучуларга ийгилик каалайм", - деди ал.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

“Жылаңач баатырлар” бакаларды мыжыгып, ашата сөгүштү (4-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан