"Жылаңач баатыр" болгусу келген жигиттер салмагын көтөрө албай сууга куласа, Айгерим тактага чыга албай жүдөдү

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 11-күнүндө беш оюнчу кол тийбестик тумары үчүн ат салышты. Финалдык баскычка жакындаган сайын оюндар татаал болуп, күнүгө бир катышуучу оюндан четтетилүүдө.

Бул жолку таймашта суудагы дарактын дүмүрлөрүнүн үстүнө бирдей өлчөмдөгү такталар кагылган. Анын үстүнө оюнчулар чыгып, бир буту менен тең салмагын кармап турушу керек. Алгач оюнчулар чүчү кулак аркылуу такталарды тандап алышты. Алар куржундан сууруп чыккан санга ылайык такталардын үстүнө чыгып, ышкырык жаңырганда бир буту менен турушту.

Тактанын үстүнө чыгуу Айгерим Ибрагимова үчүн кыйын болду. Ал бир топ убакытка чейин тактанын үстүнө чыга албай кыйналды.

Оюндун башында биринчи болуп ырчы Шерхан Абкулов, аркасынан Марс Мамаев салмагын кармай албай түшүп кетишти. Марс буту тырышып, чыдабай калганын билдирди. Оюн башталганда үчүнчү болуп жерге түшөм деген Айгерим Ибрагимова айтканын аткарды. "Салмагым оор болгондуктан, тактага чыгуу кыйын болду. Чыккандан кийин өзүмдү араң эле кармадым", - дейт ал.

Бир буттап турган Саниа менен Кудайберди Айтбосунов биринчи сен түш, сенден кийин мен түшөм деп бири-бирине атаандашып турушту. Бирок Кудайберди Айтбосунов тең салмагын кармай албай, жеңишти Саниага алдырып жиберди.

Таймаштан кийин оюнчулар көлгө түшүп, биринин аркасынан бири сууга секирип эс алышты. Көлгө түшпөй койгон Шерхан Абкуловду жигиттер сүйрөп барып сууга салышмак болду. Бирок Шерхан Абкулов өзүм түшөм деп сууга чуркап кирди.

Марс Мамаев сууга жатып алып "мени издегендер болсо "Жылаңач баатырдан" издегиле" деп дарегин билдирди.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Кудайберди менен Шерхандын тагдырын Саниа чечти (11-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан