Ырчы Марс "Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү деп табылды

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 14-күнүндө биринчи жана экинчи орун үчүн Кудайберди Айтбосунов менен Марс ат салышты.

Бул ирет чаканын ичине боёк кошулган суу толтурулган. Ошол эле чакага байланган жип менен мырзалардын колу байланды. Муну менен оюнчулар бир колун канча убакытка чейин асып турарын текшердик. Жигиттердин колу талып, түшүп кетсе чакадагы суу үстүнө төгүлмөк. "Супер баатыр" Кубогу үчүн ат салышып жаткан ырчылар бирде колдору талып кеткенин айтса, бирде бири-бирин тамашалап турушту.

Марс колу ооруганы аз келгенсип, бели дагы ооруп жатканын айтып, улам-улам сол капталына ийилип жатты. Ал эми Кудайберди Айтбосунов оюн кыйын экенин, алы куруп, тери куюлуп жатканын айтат.

Таймаштын 18-мүнөтүндө Кудайберди Айтбосунов колун түшүрүп, чакадагы суу башынан ылдый куюлду. Кудайбердинин үстүнө суу төгүлүп жатканда Марс дагы колун түшүрүп жиберди. Муну менен кубок ээси Марс деп табылды.

Экинчи орун Кудайберди Айтбосуновго буюрду.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Замира Хатамова, Шерхан четтетилген. Ал эми Саниа өз эрки менен утулуп, долбоордон кеткен.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Финал. Баш байге кимге буйруду? (14-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuke-85-85
2019-09-29 01:55:36
Балее барбы Нурзаттын инисине токойдо костюм кийгенине.
-4
Migrant-rf
2019-09-29 02:07:54
nuke-85-85, Инисиби же ээриби?)
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан