"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору. Шоу-бизнес өкүлдөрү оюндан четтетилген катышуучунун тоюнда кызмат кыларын убадалашты

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору уланууда. Реалити-шоу долбоордун 6-күнүндө "Көк кемсел" командасынан Азамат Аманидинов оюндан четтетилди.

Кыргыз оюндарында "Көк кемсел" командасы атаандаштарына 1:2 эсебинде утулуп калгандыктан, бул ирет дагы бир оюнчусу менен коштошууга аргасыз болушту. Маанайлары чөккөн катышуучулар жашыруун добуш берүүдө Азамат Аманидиновго каршы 3, Назэлге каршы 1 добуш беришти. Жыйынтыгында, Азамат Аманидинов долбоордун катышуучулары менен коштошууга туура келди.

Ал өзү катышкан акыркы оюн тууралуу айтып, өгүз тартышта Айгерим Ибрагимовага шымын чечип бергени боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

"Айгерим Ибрагимова жынсы чолок шым кийип жүргөндүктөн, оюн учурунда ага ыңгайлуу болсун, буту оорубасын деп шымымды чечип бердим. Командага бир упай болсо дагы маанилүү болчу. Айгерим биздин ишеничибизди актап, өгүз тартышта упай алып келди.

Оюн ортолоп калганда кетип жатам, капачылыгым жок. Ата-энемди дагы сагындым. Калган катышуучуларга ийгилик каалайм", - деди ал.

Коштошуп жатканда шоу-бизнес өкүлдөрү "тоюңузга баарыбыз барып, кызмат кылабыз" дешти.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Көл жээгинде кыздар өгүз болуп, ат болуп кубулушту (6-күн)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан