"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунда 14 катышуучунун арасынан суурулуп чыгып, "Супер баатыр" Кубогун ырчы Марс алды. Жеңиш ээси Кубокту атаандашы, чыгармачылыктагы кесиптеши Кудайберди Айтбосуновго тартуулады. Ал бул кадамга эмнеге барганын жана ийгиликке жетишкени тууралуу айтып берди.
"Долбоордо жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Эки, үч күндөн кийин кетем деген ой менен жүргөм. Бирок кумар болуп оюндун финалына жеттим. Финалда Айгерим Ибрагимова, Кудайберди Айтбосунов жана мен калдым. Биринчи орунду Куба (Кудайберди Айтбосунов) алат деп ойлогом. Анткени акыркы үч таймашта мен начар ойноп, өзүмдү көрсөтө алган эмесмин. Чечүүчү оюнда 20 мүнөт эле чыдай аларымды билип, атаандашым көпкө чейин чыдайт деген ой менен тургам. Биринчи орунду Кудайберди Айтбосунов алсын деп колумду түшүрөйүн деп жатканда, Куба колун тартып жиберди. Ошол учурда өзүмдү жаман сезип кеттим. Кудайбердинин колу чындап эле талып калдыбы же мени улуу деп жол бердиби, айтор, менден биринчи колун түшүрүп жиберди.
Буга чейинки оюндар деле оор болду. Куба менен кез келип калган таймаштарда аны жеңишим керек деп аракет кылгам".
Бул учурда Марстын жанына Кудайберди Айтбосунов келип, аны жеңиши менен куттуктады. "Сен жеңишти татыктуу алдың, эмгегиң бар. Чындыгында сен күчтүүсүң. Жакшы күндөрүбүз өттү. Башынан эле мага дем берип "сен утасың" деп жакшы ниетиңди билдирип келгенсиң, мен сага ыраазымын. Куттуктайм!", - деди. Ал эми Марс Кубокту Кудайберди Айтбосуновго сунуп: "Бул сеники, мага экинчи орун деле болот. Мен сенин жеңишиңди каалагам. Кубокту көргөндө ушулу күндөрдү эстеп тур" деп тартуулады.
Андан кийин Марс долбоор жана команда тууралуу буларга токтолду.
"Бул жакка келгенден кийин эки командага бөлүндүк. "Кызыл кемсел" командасындагы оюнчулардын баарынын бойлору кичинекей экен. "Көк кемсел" командасындагылардын баары чоң, бойлору узун болуп турса биз утулабыз го деп калгам. Командадагы кыздар, жигиттер, эже, байке мени капитан катары көрүп, "Марс сен күчтүүсүң, сен капитан бол" деп мага ишеним артып туруп алышты. Менден улуу Азамат Мамбетов, Замира Хатамова бар, ошолор болсун десем такыр көнбөй коюшту. Башында оюндарда жакшы жыйынтык көрсөтүп келдик. Уткан күндөрү чогуу жыргайбыз, утулсак чогуу кайгырдык. Бирок командадагы оюнчулардын ортосунда өз ара пикир келишпестик болуп кетти. Ошондон кийин бири-бирибизге болгон ишнеим жоголуп баштады.
Командадан биринчи кеткен Азамат Мамбетов байке акыл-насааттарын айтты. Ал кеткенден кийин мен дагы колумдан келишинче башкаларга тажрыйбам менен бөлүштүм. Замира Хатамова эже азамат экен, анын кыйындыгына таң бердим.
Айгерим Эшим дагы аябай жакшы кыз экен. Мындай кылсак утабыз деп ойлорун айтып жатты. Ал эми Калыс Жакыпов жакшы оюн көргөздү. Бирок катуураак айтып койсоң таарынып калат экен. Эгер катуу айтып алсам кечирим сурайм. Шерхан Абкулов мага бир тууган инимдей болуп калды. Оозунан байке деген сөзү түшпөй жүрдү. Менин иним Жалал-Абадда жашайт. Инимди сагынганданбы, айтор, Шерханды көрсөм эле инимди көргөндөй болуп жүрдүм. Ал эми Саниага сөз жок. Өзүмө караганда анда эркектик сапаттар көбүрөөк экен деп калдым. Баарын бетке айтат", - дейт "Супер баатыр" Кубогунун жеңүүчүсү.
Марс 14 күндүн ичинде көп нерсени үйрөнгөнүн айтып, долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашады.
Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль, Шерхан Абкулов, Замира Хатамова четтетилген.
Ал эми Саниа өз каалоосу менен долбоордон кеткен.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.