Ырчы Марсты ыйлаткан, Кудайберди Айтбосуновдун жүрөгүн оозуна кептеген Санианын чечими

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучуларынын саны кыскарууда. Долбоордун 11-күнүндө дагы бир оюнчу четтетилип, 4 катышуучу гана калды.

Байгелүү орун үчүн ат салышып жаткандар - Айгерим Ибрагимова, ырчылар Саниа, Кудайберди Айтбосунов, Марс Мамаев жана Шерхан Абкулов болчу. Оюнчулар таймаштан кийин оттун боюна чогулуп, жашыруун добуш берүү орун алды. Каршы добуш берүүдө Кудайберди Айтбосуновго 2, Шерхан Абкуловго 2 добуш берилип, тең чыгып калуу болду. Бирок бир оюнчу долбоордон четтетилиши керек.

Бүгүнкү оюнда бир буту менен жыгач тактанын үстүндө эң узак убакыт турган Саниа кол тийбестик тумарына ээ болгон. Ал аты аталган эки оюнчунун бирине каршы добуш берди. Анын айтымында, Кудайберди Айтбосунов күчтүү оюнчу, ал оюн башталгандан бери эле жакшы жыйынтык көрсөтүп келет.

"Мен чечим кабыл алдым, Шерхан Абкуловду тандайм" деп табышмактуу жооп берди. Бул учурда Кудайберди Айтбосуновдун маанайы өзгөрө түштү. Алып баруучулар тактоо иретинде суроо узатканда, Саниа Шерхан Абкуловго каршы добуш берерин, Кудайберди күчтүү катышуучу болгондуктан, ал оюндун аягына чейин катышуусун кааларын билдирди. Ошентип чечүүчү добуш берилгенден кийин катышуучулар Шерхан Абкуловду узатышты.

Айгерим Ибрагимова эгер чечүүчү добуш берүүгө кабылса, Кудайберди Айтбосуновго каршы добуш берерин айтат. "Мен деле Саниа сыяктуу эле чечим чыгарсам керек. А бирок, жок... Мен тескерисинче күчтүүлөргө каршы добуш бермекмин. Эгер мага каршы добуш берсеңер анда барыңарды ууландырып салмакмын", - деп тамаша кеп курду.

"Шерхан Абкулов дегенде жүрөгүм оозума келип калды. Баары бүттү, кийимдеримди чогулта берейин дегем. Саниа, рахмат! Буюрса сенин, күйөрмандарымдын ишеничин актаганга бардык аракетимди жумшайм. Эгер жеңип калсам, сага шоколад алып берем. Мен ушундай сараңмын", - дейт Кудайберди Айтбосунов.

Марс Мамаев Шерхан Абкулов менен коштошуп жатып көзүнө жаш алды. Ал кетип жаткан оюнчу тууралуу пикирин билдире албай, көпкө чейин мукактанып отурду. Кудайберди Айтбосунов Марстын демин баскандан кийин "Шерхан, азаматсың!" деген сөздү араң айтты.

Ал эми оюндан четтетилген Шерхан Абкулов үй-бүлөсүн сагынганын айтат. "Долбоордун эң кызыктырганы телефону жок жүргөнүбүз болду. Буга чейин бири-бирибиз менен саламдашып эле жүрсөк, долбоорго келип бир туугандай болуп калдык. Үй-бүлөдө кичүү, эрке бала болгондуктан, курсагым ачса эле ачуум келип кетчү. Бул жактан ачка жүргөнгө үйрөндүм. Көрсө адам ачка болсо деле жашай берет экен".

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Кудайберди менен Шерхандын тагдырын Саниа чечти (11-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан