"Жылаңач баатыр": "Көл жээгинде..." долбоорунун финалчылары аныкталып, алар байгелүү орундар үчүн ат салышты. Таймаштын 13-күнүндө финалчылар 3-орун 20 миң сом үчүн күч сынашты.
Бул ирет катышуучуларыбыздын ортосунда кыл чайнашкан мелдеш болду. Ырчылар Кудайберди Айтбосунов Марс менен тең тайлашкан Айгерим Ибрагимова бүйүр кызыткан оюн көргөзүштү.
Кезектеги оюн - коробканын ичи 6 кутучага бөлүнүп, ага 7 түрлүү азык жана буюм салынган. Финалчылар коробканын ичинен эмнени көрсө үстөлдө турган керектүү азыктарды, буюмдарды ошондой тартипте тизиши керек. Бирок алар ар кандай тоскоолдуктарды басып өтүп, кум жээктин экинчи тарабындагы бош коробкаларга жетиши абзел. "Жылаңач баатырларга" бирден гана азык же буюмду алып барууга уруксат.
Кимиси жумуртканы сындырып алса оюн автоматтык түрдө токтотулуп, сындырып алган катышуучу 3-орундун ээси болот.
Таймаш башталып, оюнчуларга кутучаларга салынган ар бир азыкты, буюмду көрүп 15 секунд ичинде жаттап калууга убакыт берилди. Ышкырык жаңырганда оюнчулар мүшөктүн ичине түшүп, белгиленген маарага жетишти. Ал жерден мүшөктү чечип, андан ары тартылган жиптин алдынан жөрмөлөп өтүштү.
Алар белгиленген аймактагы жиптин алдынан жөрмөлөп өткөндөн кийин чуркап же басып барып бош коробкага алып келген азыктарды тизип башташты.
Биринчи айлампадан кийин Айгерим Ибрагимова чарчап, жөрмөлөй албай калды. Жигиттер шамдагайлыгын көрсөтүп жатышты. Бирок Айгерим Ибрагимова 4-жолку айлампасында жумуртканы алып барам деп сындырып алды.
Оюн автоматтык түрдө жыйынтыкталып, үчүнчү орундун ээси Айгерим Ибрагимова деп табылды. Ал эми биринчи жана экинчи орун ээлери дагы бир күндөн кийин аныкталат.
Жумуртканы сындырып алганына ызааланган Айгерим үнүн бийик чыгарып ыйлап алды. Андан кийин ызаасын басыш үчүн көлгө түшү. Жигиттер анын артынан сууга түшүп, 3-орундун ээсин көтөрүп чыгышты.
Чатырга эс алуу үчүн кирген Марс "Жайлоодо финалга чыгып кетем. Эртең мен кубаны (Кудайберди Айтбосуновду) утуп кетем" деп ырдаса, Кудайберди ага жооп кылып "алдаба, алдаба сен..." деп обон созду.
Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.
Алгач катышуучулар "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген командаларга бөлүнүшкөн. Долбоордон биринчи болуп Зарылбек Аликенов, Азамат Мамбетов, Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков, Азамат Аманидинов, Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов, Назэль жана Замира Хатамова четтетилген.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу, "Bizon" энергетикалык суусундугу жана "Шах" чайы. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.