"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоору. Оюндан четтетилген катышуучу: "Шоу-бизнес өкүлдөрүн өзүнчө топко бөлгөндө башкача болмок"

SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусу уланууда. Долбоордун 3-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын ортосунда жумуртка чогултуу боюнча мелдеш орун алды.

Реалити-шоунун экинчи күнү өтүп, катышуучулар бүйүр кызыткан оюн ойношту. Тагыраагы, "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командалары сууга бышырылган жумуртка жана тез дардалуучу азыктар, суусундуктар үчүн беттешти.
Жыйынтыгында, "Кызыл кемсел" командасы утулуп калды. Эрежеге ылайык, бул команда бир оюнчусу менен коштошот. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында, Азамат Мамбетовго каршы 5 добуш, Шерхан Абкуловго 1 добуш жана Калыс Жакыповго 1 добуш берилди. Муну менен Азамат Мамбетов долбоордон четтетилди.

Ал команда мүчөлөрү менен коштошкондон кийин өзүнүн оюн айтты.

"Оюндан четтетилип жатканыма ичим ачышып жатат. Бүгүн оюнга катыша албай, талантымды көрсөтө албай калдым окшойт. Бирок чатыр тиккенде болгон күчүмдү жумшагам. Бардык оюнчуларга ийгилик каалайм. Катышуучулардын арасында шоу-бизнестин өкүлдөрү бар экен. Эгер алар өзүнчө топко бөлүнгөндө, балким, башкача жыйынтык болмок", - дейт.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган.

Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Жумуртканын айынан кимдин кайсы жери канады? (3-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2019-09-20 00:11:33
Акыйкатсыз болуп калды мойнунарга аласынарбы суперлер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан