"Максатым кичине болсо дагы арыктоо болчу" дейт "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунан четтетилген оюнчу

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун 9-күнүндө катышуучулар өзү үчүн күрөштү. Бул жолку таймашта кол тийбестик тумарын Замира Хатамова тагынды. Эрежеге ылайык, тумар тагынган оюнчуга каршы добуш берилбейт жана ал добуш берүүгө катышпайт. Эгер каршы добуш берүүдө тең чыгып калган учур болсо, анда чечүүчү добушту тумар тагынган оюнчу бере алат.

Бул ирет оюнчулар дагы бир күчтүү атаандашына каршы добуш беришти. Тагыраагы, ырчы Назэлге каршы 3, Марс Мамаевге каршы 1 жана Шерхан Абкуловго каршы 1 добуш берилди.

Ырчы Назэль бул оюн экенин, жеңишти татыктуусу, күчтүүсү утсун деп оюнчулар менен коштошту. "Бул долбоорго келип, сиңдилеримди таптым. Бирок эч нерсе жоготкон жокмун. Бул жакка келгенден бери машыгып баштадым. Ден соолугумду дагы кичине чыңдап алдым десем болот. Максатым кичине арыктап алуу болчу, ишке ашты окшойт. Мындан тышкары, көп нерсени үйрөндүм, эң башкысы фобиямды жеңе алдым. Кесиптештеримди жакындан тааныдым. Жеңем деп эмес, аракет кылам деп келгем", - дейт ал.

Назэль менен коштошконго чейин ар бир катышуучу жакындары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүштү. Жашыруун добуш берилип, оюнчу менен коштошкондон кийин катышуучулар 1 саатка уюлдук телефонун пайдаланышты.

"Көк кемсел" командасынан биринчи болуп Зарылбек Аликенов, экинчи болуп Нуркыз Кожонова, андан кийин Деңиз Маданбеков жана Азамат Аманидинов четтетилген. "Кызыл кемсел" командасынан Азамат Мамбетов жана ырчылар Айгерим Эшим, Калыс Жакыпов кеткен.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.

Кыздар багынып бербей эркектердин эстери ооду (9-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2019-09-24 17:08:14
Тундосу кандай жатып атышат?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан