SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусу уланууда. Долбоордун 2-күнүндө "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" командаларынын оюнчулары берилген тапшырмаларды аткаргандан кийин курсак тойгузуунун амалын көрүштү.
Тагыраагы, эки топтун катышуучулары аңчылыкка чыгышты. "Кызыл кемсел" командасынын оюнчулары суу жээктен тоок кармап алышты. Аңчылыктан олжолуу кайтышкан оюнчулар тоокту союп, утуп алган азык-түлүк менен кошуп казан асышты.
"Негизи сууда жүргөн өрдөк же балык кармайбыз деп суунун жээгине барганбыз. Алдыбыздан тоок чыгып калып, баарыбыз ар тарабынан тосуп калдык. Тоок кача албай ортодо туруп калганда кармап алдык", - дешти оюнчулар.
Очокто бышырылган тамакты тамшанып жешкен катышуучулар кубанычын жашыра албай жүрүштү.
Ал эми утулуп калган команда мүчөлөрүнүн шаабайы сууп, бир аз кайгырышты. Бирок каршылаш команданын жеңиши, тоок кармап алганы намысына тийдиби, айтор, "көк кемселчендер" суу жээктен сига балыгын кармап алышты. Бир балыкты бөлүп жейбиз деп очокко жалындатып от жагышты.
"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.
Долбоордун демөөрчүлөрү "Баатыр" сендвичи, "Алькони" тез даярдалуучу кесмеси, "Белая река" сүт азыктары, "Гималай" суусу жана "Bizon" энергетикалык суусундугу. "Баатыр" сендвичин "Глобус" жана "Народный" соода дүкөндөрүнөн таба аласыздар.