Финансы министрлиги 2020-жылга карата республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун жарыялады. Анда Баткен облусуна 2019-жылга салыштырмалуу аз каражат бөлүнөрү пландалып жатканы белгилүү болду. Баткен облусуна 2020-жылы 229,6 миллион сом, быйыл 224,5 миллион сом бөлүнө турганы жазылган.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кайсы аймактан аткаминерлер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатканын айткан. Ал аймактык лобби күчөгөнүн билдирип, калган аймактардын өнүгүүсү артта калганын белгилеген.
Мындан улам SUPER.KG порталы "2020-жылга каралган бюджеттин долбоорунда Баткен облусуна мамлекет өткөн жылга салыштырмалуу 5 миллион сомго аз акча бөлгөнү жатат. Эң көйгөйлүү аймакка бийликтин мындай мамилеси туурабы?" деген собол салды.
МАМАТАЛИЕВ: "Баткенге быйылкыдан дагы көп каражат бөлүнүшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул долбоорду парламент комитети колдобой турганын айтты.
"Бул өкмөттүн кабыл алган долбоору Жогорку Кеңешке келет. Комитетте каралат. Бул маселени комитеттен өткөрбөйбүз. Баткен облусуна быйылкыдан дагы көп каражат бөлүнүшү керек. Бул боюнча биз жабык эшик артында өткөн жыйындарда тапшырмаларды бергенбиз. Мындай долбоорду колдобойбуз", - дейт Маматалиев.
ИКРАМОВ: "Бюджеттин бөлүнүшү ар бир аймактын башчыларынан көз каранды"
Депутат Тазабек Икрамов бюджеттин бөлүнүшү ар бир аймактын башчыларынан көз каранды деген ойдо. "Баткен облусунун 2020-жылга карата дотациясы тууралуу маселе менен тааныша элекмин. Бирок былтыркы жылы жалпы түштүк аймагына мамлекеттик бюджеттен жетиштүү сумма бөлүнгөн. Балким, бюджетти балансташтыруу максатында ушундай чечим кабыл алынды. Негизи бюджет каралып жатканда, ар бир аймак губернатор, акимдеринин, жергиликтүү айыл өкмөт башчыларынын суроо-талаптарына ылайык болот го деп ойлойм. Себеби алар аймакта эмне жетишсиз, кандай көйгөйлөр болуп жатат билишет. Мамлекеттик бюджет маселеси каралганда, алардын демилгелери эске алынат", - деди Икрамов.
ОРОЗОВА: "Эң көйгөйлүү аймак Баткенге бюджеттен бөлүнө турган каражатты азайткан туура эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова бул туура эмес деген пикирде. "Өлкөдө эң көйгөйлүү чек ара маселеси болуп эсептелет. Чек араны тактоо үчүн башка нерсени токтотуп турса дагы бюджетти ошол жакка бөлөлү деп Баткендин депутаттары эле эмес, башка жактын дагы эл өкүлдөрү айтып чыккан. Чечүүчү орган ага анчалык көңүл бурбагандыктан, Баткенде ушундай окуялар кайталанып жатат. Ошол окуя чек ара маселеси такталып бүткөнгө чейин окуя кайталанбайт деп айта албайм", - дейт Орозова.
НЫШАНОВ: "Баткенге бюджеттен бөлүнө турган каражат боюнча маселеге депутаттар, өкмөт көңул бурат"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул маселе карала турганын айтты.
"Былтыр Баткенде оор абал болгондо 2019-жылга карата бюджеттен кошумча акчаларды караганбыз. Ошого салыштырмалуу 2020-жылдын болжолу аз болушу мүмкүн. Негизи аталган облуска аз каражат бөлүнбөйт. Депутат, өкмөт дагы бул маселеге көңүл бурат", - дейт Нышанов.
ТИЛЛАЕВ: "2020-жылы Баткенге бөлүнө турган каражат боюнча өкмөт башчы менен сүйлөшүүлөр жүрдү"
Депутат Таабалды Тиллаев 2020-жылга карата мамлекеттик бюджетти бекитүүдөн мурун коомдук талкууга түшөрүн айтты.
"Бул маселе боюнча өкмөт башчы менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Баткен облусу эң көйгөйлүү аймак болгондон тышкары, стратегиялык жактан маанилүү аймак. Андыктан мамлекеттик дотациядан бөлүнгөн каражаттан тышкары, атайын программалар иштелип чыгып жатат. Анын алкагында Баткен облусуна сөзсүз көңүл бурулат. Быйыл дагы ал жакта көп маселе жараткан окуялар болду. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлдеги программа түзүлүп, өкмөт, Финансы министрлиги, депутаттар болуп бул маселени карап жатабыз. Азыр дагы Баткен облусунда алардын көйгөйлөрүн угуу үчүн жүрөбүз. Бул акыркы чечим эмес, бюджет маселесине келгенде өзгөртүүлөр, толуктоолор сөзсүз киргизилет", - деди Тиллаев.