КҮНСОБОЛ: Албек Ибраимовдун мэр катары ишин кандай баалайсыз? Анын кемчиликтери жана жетишкендиктери эмне болду?

Албек Ибраимов 2016-жылдан тарта Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап келет. 2017-жылдын башында ал кайрадан калаа башчысы болуп шайланган. Мыйзам боюнча, Бишкектин мэри шаардык кеңештер тарабынан 4 жылга (чакырылыш мөөнөтүнө) шайланат.

Акыркы күндөрү шаар башчысынын ишмердүүлүгүнө сын-пикирлер көп айтыла баштады. SUPER.KG порталы Албек Ибраимовдун мэр катары ишин кандай баалайсыз деген суроонун негизинде коомдук жана саясий ишмерлерге собол салды.

АМАТОВ: "Көчөт маселеси мэрдин ишмердүүлүгүнө терс баа берүүгө аргасыз кылууда"

Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Рысбай Аматов көчөт маселеси мэрдин ишмердүүлүгүнө терс баа берүүгө аргасыз кылып жатканын билдирди. "Бишкекке сатып алынган 9 миң сомдук көчөттөр маселеси өткөн аптада көтөрүлгөн. Азыр бул маселени шаардык кеңештин сессиясына киргизүүнүн жол-жоболору, убактысы каралууда. Мен бул маселени иликтеп, тийиштүү мекемелердин жообун күтүп жатам. Биз мэрдин ишмердүүлүгүнө сөзсүз сессияда баа беребиз. Ошондой эле менин пикиримде Бишкектеги жаңы салынган жолдордун сапаты боюнча көп көйгөйлөр бар. Бир жылдан бери ушул маселени айтып келем, тилекке каршы, менин кесиптештерим түшүнбөй, колдобой жатышат. Жол маселеси азыр Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп жатат", - дейт Аматов.

КЕНЕНБАЕВ: "Мэр өз жумушун жасап жатат"

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр Албек Ибраимов канчалык жемиштүү же катачылыктарга жол берип иштеп жатканын отчёту келгенде көрө турганын айтты.

"Шаар мэри Албек Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө шаардык кеңеш баа берет. Шаардык кеңештин регламенти боюнча, мэр бир жылдык отчётун берет. Азыркы мэр кыскача айтканда, өз жумушун жасап жатат. Ал канчалык жемиштүү иштеп жатат же катачылыктарга жол берип жатканын отчёт бергенде көрөбүз", - деген оюн билдирди.

АСКАРБЕКОВ: "Албек Ибраимов эч нерсе аткарган жок"

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Албек Ибраимов экс-президенттин колдоосу менен Бишкек шаарынын мэри болуп келгенин белгиледи. "Ибраимовду Бишкек шаарынын эли колдоп, мэр болуп келген жок, бир кишинин колдоосу менен келген. Ал келгенден бери Бишкек шаарында нааразычылыктар көбөйдү. Ибраимов келгенде маршруттук таксилерди жок кылып, ордуна башка транспортторду алып келебиз деп айткан. Келди, эми кетейин деп жатат, эч нерсе аткарган жок. Жер тилкелеринин коррупциясы боюнча мен эле эмес, эми Жогорку Кеңештин депутаттары дагы айтып, эми түштөн кийин алар комиссия түзөбүз деп жатышат.

Албек Ибраимов борбор шаарга жер астындагы өтмөк жасаганы өтө сапатсыз болгон. 9 миң сомго көчөт алынып келгени, жерлердин сатылды деп жатканы, жолдордун сапатсыз курулганы боюнча көп маселелер бар. Эгерде булар боюнча кылмыш иши козголо турган болсо, бери жагы 30 жылга камала турган кылмыш иштер. Баарын көрүп, угуп туруп үн катпаган Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы жана башка фракциялардын депутаттары дагы жоопко тартылышы керек. Мына, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы үн катпай жатат.

Жол кырсыгына байланыштуу эки фактыны айтайын. Жакында эле бир аялды кызы менен маршруттук такси сүзүп кетти. Кыздын апасы каза болуп жетим болгону аз келгенсип, буту жок калды. Балдарын багып жүргөн жалгыз бой эне маршруттук таксинин айынан колу жок калган. Эмнеге буга мэр, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жооп бербейт? Тез арада мэрди кызматтан кетирип жоопко тартыш керек", - деди Аскарбеков.

ВАСИЛЬЕВ: "Ибраимов мүмкүн болушунча шаар үчүн көбүрөөк пайдалуу иштерди жасап жатат"

Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Лев Васильев Албек Ибраимовдун ишин жогору баалады. "Шаар - бул эң татаал чарба механизми, анда күн сайын чече турган миңдеген маселе бар. Менин оюмча, Албек Ибраимов бул маселелерди жакшы билген жөнөкөй адам. Анын көйгөйлөрдү иретке салууга аракет кылып жатканын жогору баалайм.

Мындан тышкары ар бир көйгөйдү чечүүгө каражат керек эмеспи. Ибраимов шаардык бюджетте каражат жетишсиз болуп жатса да, мүмкүн болушунча шаар үчүн көбүрөөк пайдалуу иштерди жасоого аракеттенүүдө. Ошол эле учурда шаардыктардын сын-пикирлери туура, анткени айрым учурларда административдик мүчүлүштүктөр орун алат, эми бул жашоо да. Жалпысынан айтканда, Ибраимов мэриянын бюджетинде болгон каражатка колдон келишинче жакшы иштерди жасоодо", - деди Васильев.

МҮЗҮРАЛИЕВ: "Мэрдин кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында күнөөсү жок экенин айтканына нааразы болдум"

Бишкек шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев мэрдин кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында күнөөсү жок экенин айтканына нааразы болгонун билдирди. "Май айында мэрдин отчётун карайбыз. Мэр маалымат жыйын берип жатып, "кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында менин күнөөм, колум жок" деп айтканына нааразы болдум. Ал бүгүнкү күндө шаардын мэри болуп жаткандан кийин өзүнө тийиштүү бардык тармактарга жооптуу болушу зарыл. Анын "менин колум жок деп кутулуп кетем" деген ою болбошу керек. Анткени жетекчилердин баары шаар мэри аркылуу дайындалат. Ошондуктан мэр буга түздөн-түз жооптуу.

Мэрдин тазалык боюнча Бишкекте жасалган жумуштарда жылыш бар. Анткени шаардагы эки жыл мурунку тазалык менен азыркы тазалыктын айырмасы бар. Мурда урналар тазаланбай калып кетчү, азыр бул жумуштар күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Бул тармакка нааразы болгондор да бар, бирок салыштыруу иретинде тазалык боюнча шаарда жылыштар болду", - деген пикирде Мүзүралиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан