Батукаев боюнча соттук иш: Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы башкы прокурор Жолдубаеваны 15 жылга камакка алуу сунушун өзгөртпөй жатышат

Бүгүн, 23-июнда Биринчи Май райондук сотунда мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу соттук иш уланууда. Соттук иш эртең мененки саат 9да башталган. Бул ишке тиешелүү курам сотко толук келген.

ЖАМКнын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да сотко алып келингени маалым болду. Мамлекеттик айыптоочулар аны 13 жылга эркинен ажыратуу жана аскердик наамын алууну сурап жатышкан.

Азыркы тапта сот жабык эшик артында, маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусуз өтүүдө.

Сотко келген экс-прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова сотко кирип жатып "өкүм бүгүн чыгышы ыктымал" деп билдирди.

Батукаев боюнча соттук иш дээрлик бир жылдан бери Биринчи Май райондук сотунда тергелип келүүдө.
19-июнда өткөн соттук териштирүүдө мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёвдун сөзү жумуш күнү бүтүп калганына байланыштуу аягына чыкпай калган.

Мындан улам сот отуруму бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Буга чейин Индира Жолдубаева Батукаевдин иши боюнча ага коюлган айыптоолорго биринчи жолу үн катып, ага карата айыптоолор негизсиз экенин билдирген. Бул үн катууну коомчулук өкүм чыгуу алдындагы аргасыздык катары баалап жатат. Анткени Индира Жолдубаевага мамлекеттик айыптоочулар 15 жыл берип, аны сот залынан камакка алууну сотко сунушташууда.

Ал эми Жолдубаева ага карата каршы көрсөтмөнү 2 эле күбө бергенин билдирип, 15 жылга камакка алуу сунушу аны таң калтырып жатканын айткан.

“Бул Шамил Атахановдун кеңешчиси жана Нарын райондор аралык сотунун мурдагы судьясы мага каршы көрсөтмө берген. Кеңешчинин айтымында, мен ага жардам берүүдөн баш тарткан экенмин. Чынында ал мага келген эмес. Судья тиешелүү органдар берген материалдардын негизинде чечим кабыл алганын айтты. Прокурорлор мени 15 жылга кесүүнү суранып жатышат. Буга кандай комментарий береримди да билбей турам”, – деп билдирген Жолдубаева SUPER.KG порталына Батукаев иши боюнча комментарий берип жатып.

Аталган иш боюнча 19 адам айыпталуучу катары каралууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-генпрокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте тургандыгы үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаев өкүм алдында акыркы сөзүн сүйлөгөн жок
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-06-23 11:24:08
Чын эле Индиранын бул ишке кандай тиешеси бар? Ал убакта ген.прокурор эмес болчу .
+2
TalaCSKA
2020-06-23 11:57:57
Адамдардын тагдыры менен ойнобой ошол Батукаевтин озунон сурабайбы ким менен келиштин эле деп а то азыркы бийлик айыпты оз ойунан чыгып жаткандай сезилип атат же сот ачык эмес коомчулук эч нерсе билбейт же эмне биз бийлик айткандын баарына эле ишене бергенге милдетуубузбу ?биз деле чындыкты билгибиз келет!эч тушунбойм эмнеге сот жабык?а так вообще чыныгы акыйкат сот бул Эл!жанагы продажный Соттор эмес!эгер бийлик Баш Мыйзамды ушундай одоно буза бере турган болсо мен деле баш ийбейм мыйзамга!!!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан